Печать
Категория: Коом
Просмотров: 961

Социалдык тармактарга Кыргызстандагы Кытай жарандарынын ишмердүүлүгү тууралуу чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратып, коомчулуктун аларга карата терс мамилесин, аны менен катар улуттар аралык чыңалууну жараткысы жашыруун жана фейк аккаунттардын ээси кармалды. 

УКМК билдиргендей, Instagram социалдык тармагындагы «mamyrbaiv» аккаунтунун ээси 1986-жылы төрөлгөн М.Б.М. аттуу кыргызстандык болуп чыкты. 

Ал Кыргызстандагы Кытай жарандарына байланышкан теманы актуалдаштырып, улут аралык кастыкты козутуу максатын көздөп, социалдык тармактарда чындыкка дал келбеген, "Мамлекеттик ипотекалык компанияга" тиешелүү көп кабаттуу турак жайдын сапатсыз курулушу жана фасаддык бөлүгүнүн бузулушу тууралуу комментарийлери бар видеороликти жарыялаган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө, видеороликтин автору М.Б.М. курулуш тармагында иштери (монолитчик) болуп иштей турганы жана курулуш объектисинин долбоордук өзгөрүүсү жана фасаддык бөлүгүн демонтаждоо жөнүндө маалыматы болгону аныкталды. Бул фактыларды колдонуп, ал атайылап чагымчыл мүнөздөгү видеороликти тартып, жарыялаган. Анын мотиви - курулуш тармагындагы кытайлык кызматкерлерге карата жеке кастыгы. 

КР Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги бул видеону расмий түрдө жокко чыгарды, ошондой эле долбоордун фасаддык бөлүгүнө өзгөртүү киргизилгенин жана аларды жаңы долбоорго ылайык келтирүү үчүн шахмат тартибинде курулган терезелер демонтаждалганын билдирген. Министрлик курулуш иштери сапаттуу курулуш материалдарын колдонуп, бардык нормаларды сактоо менен жүрүп жатканын белгилеген.
       
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, М.Б.М. УКМКнын абагына киргизилди. 

Учурда тийиштүү тергөө амалдары жүрүүдө.