Печать
Категория: Коом
Просмотров: 974

КР Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары –УКМК төрагасынын атын жамынып, ири суммадагы акчаны ээлеп алган алдамчы кармалганын атайын кызматтан билдиришти. 

Маалыматка караганда Б.у.Т. аттуу кыргызстандык "УКМК төрагасы менен байланышым бар" деп алдап,  Д.А.А. аттуу жарандын ишенимине кирген жана ар кандай иштерди шылтоо кылып системалуу түрдө каражат алган. Ошентип, бир жылдын ичинде ири суммадагы акча өндүргөн.

Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө Б.у.Т. жабырлануучуларга телефон аркылуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- УКМК төрагасы генерал – полковник К.К.Ташиевдин сүрөтү чегерилген килем-портретин көрсөткөнү, ал аны төрагага белек катары алганын айткан. Бирок аталган килем-портретте УКМК төрагасынын үч эмес, төрт  генералдык жылдызы тартылганы менен айырмаланган.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Башкы тергөө башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси "алдамчылык" менен кылмыш ишин козгоп, Б.у.Т. КР УКМКнын УКЖсына камакка алынган.