Печать
Категория: Коом
Просмотров: 265

Бүгүн, 24-ноябрда жаңы курула турган 35–40 кабаттуу ипотекалык турак жай комплекси үчүн мезгил кутучасын салуу аземи өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти.

Маалымдалгандай, иш-чарага президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев катышат.

Анда комплекс боюнча кыскача маалымат берилип, курулуштун негизги этаптары тааныштырылат.

Курулуш жүрө турган жер Анкара көчөсү менен Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

Булак: Кабар