Ысык-Көлдө скутерди ижарага берүүчүлөр менен эс алуучулардын мушташы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 16-августта Кош-Көл айылынын "Радуга Вест" эс алуу борборунун пляжында скутердин ижарачылары менен эс алуучулардын ортосундагы окуяга байланыштуу КР Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иштери козголду.
Буга чейин сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында окуяга катышкандардын өздүктөрү аныкталган. Алар скутерди ижарага берүүчүлөр - 18 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну А.Ж., Кош-Көл айылынын тургундары С. А. жана Б. Э., ошондой эле эс алуучулар - Казакстанда жашаган Кыргызстандын жарандары 55 жаштагы С. Д. жана анын уулу 27 жаштагы С. Э. болуп чыккан. Окуянын бардык катышуучулары Ысык - Көл РИИБдин тергөө кызматына алып келинип, алардан көрсөтмө беришкен.
Эки тарап тең арыз жазып, арыздары Ысык-Көл РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Окуяга катышкандардын жана күбөлөрдүн берген көрсөтмөлөрү, ошондой эле видеокөзөмөлдөө камераларынан жана күбөлөр тараптан тартылган видео тасмалар толук иликтенип, тергөө кызматы - окуя скутерди көл үстүндө айдоодогу белгиленген убакыт боюнча талаш – тартыштан улам болгонун аныктады. Оозеки пикир келишпестиктин натыйжасында эс алуучу 27 жаштагы С.Э. скутерди ижарага берген 18 жаштагы С.А.ны биринчи уруп жибергенден кийин башка скутерлерди ижарага берүүчүлөр эс алып жаткан атасы менен баласын сабашкан.
Козголгон кылмыш иштеринин алкагында скутерди ижарага берүүчүлөр Бишкек шаарынын 18 жаштагы тургуну А.Ж., жана Кош-Көл айылынын тургуну С.А., ошондой эс алуучулар сот тарабынан баш коргоо чарасы кабыл алынганга чейин Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.