Баткен облусунда “сасык чайыр” өсүмдүгүн чогултуу жана сатуу боюнча мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, 8-августта КР УКМК кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларын уюштуруу учурунда Баткен шаарынын аймагында ак түстөгү «Тойота Эстима» унаасы кармалган. Унааны кароо учурунда салонунда жана багажында «сасык чайыр» дары өсүмдүгү салынган 35 литрлик 12 даана идиштер табылган.

Маалымат үчүн айта кетсек, Кыргыз Республикасынын аймагында сасык чайыр өсүмдүгүнүн майын чогултууга тыюу салынган.

Кармалган жүктүн жалпы салмагы 300 килограммдан ашык, көмүскө базардагы баасы 20 миң доллардан башталат.

Учурда иштин бардык жагдайларын тактоо максатында тергөөгө чейинки иш-чаралар жүргүзүлүүдө.