Акыркы 10 жылда Кыргызстанда кант диабети менен ооругандардын саны эки эсеге өскөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Анда айтылгандай, жыл санап кант диабетине чалдыккандардын саны өсүүдө. 2021-жылдын эсебинде 73миң адам катталган, тилекке каршы, бул сан эки эсе көп болушу мүмкүн. Себеби кант диабети көп учурда билинбей өтөт. Адам алгачкы учурларда оорусу бар экенин билбей жүрө берип өтүшүп кеткенде гана келип катталат.
Бул кандагы канттын жогорку деңгээлде мүнөздөлгөн өнөкөт оору. Кант диабетке чалдыккан адам өзүн туура алып жүрбөсө, дарыгердин берген көрсөтмөлөрүн так аткарбаса оорунун андан ары күчөп кетүүсүн шарттайт. Бул көз, жүрөк, буттун кан тамырларына таасирин тийгизет.
Чүй облусунун башкы эндокринологу Гульдана Джолчиева кант диабети оору эмес, жаңы жашоо деп эсептейт. Ал бул оору негизи эле адам аткарыш керек болгон режимди кылбай жүргөн нерселерден улам пайда болоорун айтты. Кант диабетин көзөмөлдөп, туура тамактануу, сергек жашоо аркылуу кадимкидей жашоого мүмкүн.
Оорунун белгилери кант диабеттин түрүнө жараша болот:
Биринчи типте 35 жашка чейинки жаштарда көбүрөөк кездешет. Бул типтеги кант диабетинде оорунун белгилери тезирээк жана даана билинет. Биринчи ирет адам өтө суусайт, бат-бат заара кылып баштайт. Тамакка болгон табити ачылат, бирок ага карабай арыктап, алсырай баштайт.
Негизи адам энергия алып туруш керек, аны болсо тамак - аштан алат. Аны клеткаларга жеткирүү кызматын инсулин аткарат. 1-типте уйку без инсулин чыгарбай калат. Инсулин чыкпай калса клетка глюкоза менен камсыздалбай калат.
Экинчи типте болсо, уйку безде инсулиндин кору бар. Бирок адамдын клеткалары инсулинди тааныбай калат. 45 жаштан жогоркулар көбүрөөк чалдыгат. Көп учурда узак убакытка чейин оорунун белгилери билинбеши мүмкүн. Бейтаптар башка оорулар менен келип, изилдөөдөн өткөндө кант диабети бар экени белгилүү болот.