Бостери айылындагы эс алуу жайларынын биринин пляжында каза болгон 23 жаштагы жигиттин окуясына президент Садыр Жапаров реакция кылды жана ишти жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди. 

"Президент Жапаров коомчулукта резонанс жараткан, Ысык-Көл облусунун Бостери айылында 23 жаштагы жарандын өлүмү боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алды. Укук коргоо органдарына окуянын чоо-жайын ар тараптуу жана объективдүү иликтөө тапшырмасы берилди", - деп жазылат анда. 

Окуя 6-августта болгон. "Алтын кум" пансионатынын пляжында 23 жаштагы А.Б.аттуу жаран ур-токмоктон каза тапкан. Милиция аны эпилепсиядан каза болгон деп жыйынтык чыгарганы белгилүү болгон.