Печать
Категория: Коом
Просмотров: 72

Бүгүн, 7-августта Кыргызстанда жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоонун жана кабыл алуунун IV туру башталды.

Билим берүү жана илим министрлиги тараткан маалыматка караганда, буга чейин ЖОЖдорго кабыл алуунун I, II, III турунда 20 миң 278 абитуриент кабыл алынган.

2023-2024-окуу жылына карата жогорку окуу жайларына тандоо "Абитуриент онлайн" автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу төрт тур менен жүргүзүлөт. Абитуриенттер ЖОЖдун жайгашкан жерине барбай эле электрондук формада арыз бере алышат.