2023-жылдын 21-июлунда Баткен райондук соту Баткен районунун тургунун КР Кылмыш-жаза кодексинин 239-беренеси (Милдеттүү акциздик салык салынуучу продукцияны акциздик маркасыз өндүрүү) боюнча күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургуну Ж.Д.А.га 100 миң сом айып салынган. Ошондой эле мамлекетке 1 миллион 800 миң сом өлчөмүндөгү тамекилери конфискацияланган.
Маалымат үчүн: 2023-жылдын 9-майында КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ж.Д.А. үйүнө уруксат берилген тинтүү учурунда акциздик маркасы жок 17 960 куту тамеки табылган.