№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоого катышуу ниетин билдиргендердин саны 9га жетти. Бул тууралуу БШК билдирди. 

Маалыматка караганда, учурда 9 талапкер бар. Алар: 

Эртай Искаков - "Япошка үчүн" коомдук бирикмесинин төрагасы
Алмаз уулу Аскар - "Эл Үмүтү" саясий партиясынын төрагасы
Эркин Булекбаев - "Жашылдар" партиясынын лидери
Роман Ремнёв - коомдук жана саясий ишмер
Турсунбай Бакир уулу - ЖКнын экс-депутаты
Куттубек Асылбеков - пенсионер
Назарбек Нышанов - дарыгер, хирург-онколог
Сулайман Мамаев - мамлекеттик кызматкер
Токтогул Какчекеев - пенсионер

Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2023-жылдын 10-августунда аяктайт. Ал эми кайра шайлоо 10-сентябрда өтөт.