- Камчыбек Ташиев “мындан ары Кыргызстанда эч кандай уюшкан кылмыштуу топтор болбойт” деди. Анысын уюшкан кылмыштуулук менен күрөш күч алып жатат деп түшүнсөк болобу?
- Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топ боюнча эскертүү берүү менен так кесе айтты. Буга чейин күрөш жүрүп жатканы маалымдалып турган. Кечээги сөзү менен кылмыштуу топко акыркы эскертүү берди. Илгери Өзбекстандын президенти Ислам Каримов уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө ушундай катуу чара көргөн. Ууруларды көчөдө атууга уруксат берген. Ошондо бир тобу атылып кеткен. Тирүү калган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Кыргызстан, Казакстан, Россияга качып өтүшкөн. Бул тарых. Уюшкан кылмыштуу тобу жок Өзбекстан өнүктү. Биз дагы өлкөнү өнүктүрбөй буттан тартып турган уюшкан кылмыштуу топту жок кылмайынча ишти алдыга жылдыруу кыйын. Анткени, ишкерлерди тоногон ошолор. Алар жок болсо, бир дагы ишкерге басым болбойт. Мамлекетти ишкерлер өнүктүрөт. Ошон үчүн аларга шарт түзүү керек. Салык боюнча чет өлкөнүн мыйзамын колдонсо дурус болмок. Ал жакта салыктан качкан ишкер олчойгон айып төлөйт же камалат.
- Министрлердин эс алуусуз иштөөсү керектигин да айтты, аны кандай кабыл алдыңыз?
- Министрлер жөнүндө жакшы айтты. Көпчүлүгү тааныш аркылуу эптеп эле илешип иштеп жүрүшөт. Туура эле. Министрлер эс алуусуз иштесин! Мамлекет бутуна тургуча эки -үч жыл эс алуусуз иштесе эч нерсе болбойт! Биз деле эс алуусуз жүрбөйбүзбү? Эми чет өлкөгө жөнү жок чыккандарды жана министрликти чыгашага кириптер кылгандарды да жазалаш керек!