Бишкек шаарынын Маликов 91 (47-колония) дарегиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу монолит ыкмасы менен жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компания билдирди.
Маалыматка караганда, биринчиден, монолит курулуш жер титирөөгө эң туруктуу деп эсептелет.
Экинчиден, бул технологияны колдонуу курулуш убактысын бир топ кыскарта алат, ошондой эле куюлган конструкцияларды деформацияга туруктуу, курулушта жогорку деңгээлдеги тактыкты жана сапаты камсыз кылат.