- Мурат агай, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев "мындан ары Кыргызстанда эч кандай уюшкан кылмыштуу топтор болбойт" деди. Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш күчөдүбү?
- Калп айткан менен болобу, мурун жогорку бийлик өкүлдөрү бизде уюшкан кылмыштуу топтун бар жоктугу жөнүндө эч бир ооз ачпай келишкен. Керек болсо бул топтун өкүлдөрү мамлекеттик жетекчилер менен тыгыз байланышта болуп кеткен учурлар болгондугун элибиз да жакшы эле билет! Бизде "каралар" деген түшүнүк айрыкча 2010- жылдагы кандуу төңкөрүштөн кийин пайда болуп, далайлардын үшүн алган. Көп маселелер көмүскө да ачык да ошол каралар аркылуу чечилип калганы жалган эмес. Каралардын айрым өкүлдөрү бийликке келишип, депутат да болгонго үлгүрүштү. Далай мамлекеттик деңгээлдеги маселелер да ошол топтордун кийлигишүүсү менен чечилип келгени дагы чындык.
Эми азыркы бийлик бул УКТга каршы өзүнүн катуу күрөшүн ачык эле жарыялап турат. Чындыгында бул чоң эрдик, жана эрктүүлүк. Камчыбек Ташиевди мен чыныгы "мекеним" деген чыныгы патриот катары жакшы билем, жана ошол "элим" деген азаматтыгын да абдан сыйлайм. Албетте, күрөш абдан катуу болоору шексиз. Эң негизгиси бул күрөштө жалгыз Ташиев күрөшпөстөн бирдиктүү күрөш жүрүшү абзел. Бирок эң негизгиси баары сөзсүз түрдө катуу мыйзам чегинде болушу керек. Коркутуу эмес, түшүндүрүү иши бул жерде өзүнүн жакшы натыйжасын бермекчи.
Мына, коррупцияга каршы кандай күрөш жүрүп жатат. Бирок эмдигиче тамыры менен жулуп ыргыта албай жатабыз. Бул илдет бизге абдан жайылып кетиптир. Чын эле "жебеген жердин алдында" дегендей эптеп эле бир кызматка илинсе эле биринчи кезекте өз пайдасын ойлогондор болуп калыптыр. Жаштар таза дейбиз аларды дагы көрдүк. Айрыкча мен баякы Алмазбек аттуу билим министри пара алгандыгын көргөндөн кийин, заманам куурулуп жаман кейигем. Ошол жигит кызматка келгенде абдан сүйүнгөн элем. Аттиң, көрсө 30 жылдан берки биздин жаштарыбыз деле "аганы көрүп ини өсөт", болуп жегич агаларынын катуу сабак алып келишиптир да. Чыны кимге ишенээриңди билбейсиң! Бирок чегинип калууга болбойт. Жазаларды күчөтүү керек, "кустуруп", же "коркутуп" коюп эле жазасыз коё берген да болбойт. Азыркы жаштарга эми азаркы чыныгы атуул, патриот бийлик үлгү болушу абзел!