- УМКнын башчысы Камчыбек Кыдыршаевич “мындан ары Кыргызстанда эч кандай уюшкан кылмыштуу топтор болбойт”-деди. Анысы менен уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш күчөгөнүн жарыяладыбы?

- Уюшкан топ – бул бир же бир нече кылмыштарды жасоо үчүн алдын ала уюшкан адамдардын тобу. Уюшкан кылмыштуу топту түзгөн же болбосо аны жетектеген адам КР кылмыш-жазык мыйзамдарында каралган учурларда, аны уюштургандыгы жана жетектегендиги үчүн, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтор жасаган баардык кылмыштар үчүн, эгер анын оюнда камтылган болсо, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат. Уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү бийликтин негизги милдети болуп эсептелет.

Юридикалык тил менен айтканда, Уюшкан кылмыштуу түзүлүштүн лидери - уюшкан кылмыштуу топту, кылмыштуу коомду (кылмыштуу уюмду), куралдуу топту (банданы) түзгөн же ушундай кылмыштуу түзүлүштөргө жетекчилик кылган адам.                   

Уюшкан кылмыштуу түзүлүштүн мүчөсү - уюшулган кылмыштуу түзүлүштүн ишмердигине атайын катышкан жана мындай ишмердикти жүзөгө ашырууга көмөк көрсөткөн же болбосо аны колдоого жана өнүгүшүнө шарттарды түзгөн адам.

Уюшкан  кылмыштуулукка каршы күрөшүү бийликтин, мамлекеттик саясатын аныктайт. Бийликтин биринчи максаты уюшкан кылмыштуулукка бөгөт коюу жана кылмыштарды алдын алуу болуш керек, ошого жараша четтен туристтер, ишкерлер келет. Аларды тоноп, коркутуп жатса Кыргызстанга келбейт да. Тынчтык бар, бандити жок өлкөдө гана өнүүгү болот.