УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев Никита Александрович Гончаров аттуу жаранга КР идентификациялык (ID) картасын жана жалпы жарандык паспортун тапшырды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Эске салсак, 2023-жылдын 12-июлунда “Facebook” социалдык тармагы аркылуу жаран Никита Гончаров УКМК төрагасына кайрылуу жолдоп, анда Кыргызстандын улуттук паспортун алууга көмөк көрсөтүүсүн өтүнгөн.

Маалыматка караганда, жаран 7 жашында апасы оорудан улам кайтыш болгон, атасынын колунда чоңойгон, бирок турмуштук оор шартынан улам убагында өздүгүн аныктоочу документ ала алган эмес. Ал 3 жыл бою конституциялык укуктарын ишке ашыруу үчүн ар кайсы ведомстволорго кайрылып жүргөн.

Улуттук коопсуздук органдары тарабынан анын өздүгүн аныктоо жана архивдик материалдарды чогултуу боюнча бир катар иш-чаралар жүргүзүлдү.

2023-жылдын 26-июлунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз          Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев оор турмуштук кырдаалга туш болгон жарандардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча жүргүзүлүп жаткан жигердүү иштердин алкагында Гончаров Никита Александровичке Кыргыз Республикасынын идентификациялык (ID) картасын жана жалпы жарандык паспортун тапшырды.