- Жасалма диплом алгандарды да, бергендерди да, ал турсун жасалма диплом алууга ортомчу болгондорду да жазалаш керек. Жасалма диплом сатып алып, жогорку кызматтарга барып, ал жерден билинип калса, дипломунун жараксыз болгону үчүн  кызматтан кетирип эле тим болбой, мыйзам чегинде жазалоо шарт. Жазалабаса, эл арасында коррупциялык схемалар азыр да иштеп жатат деген шек саноо жаралат.

Жасалма дипломдун көбөйүшүнө талапка жооп берер, бербесине карабай козу карындай жайнаган окуу жайлардын көбөйүшү да себеп болгондой. Ошон үчүн окуу жайлардын баарын  текшерип, мугалимдердин талапка ылайык билим берип жатканын көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Билим берүү тармагында коррупциялык схемаларды жок кылып, тартипти орнотуп, эрежеге баш ийип, татыктуу билим ала тургандай кылып,  программаларды өзгөртүп, билим берүүнүн сапатын жакшыртпасак кесепети оор болот.