- Оштогу төрөткананы аралап кеткен блогер "эч жакка кетпейм" деген тил кат менен соттон бошотулса, таза суу көйгөйүнөн митингге чыккандарды түз эфир менен көрсөткөн блогер эки айга камакка алынды. Мындай аракеттерди блогерлерди тартипке чакыруу катары кабыл алсак болобу?

- Төрөтканада төрөй турган аялдар залда жаткан болсо, Улукбекти "төрөткананы аралап кетти" деп күнөөлөгөндүн өзү туура эмес. Коридор адамдар баса турган жер. Адамдар баса турган жерге төрөй турган аялдарды кор кылып жаткызып коюшкандан уялышсын. Ошондой эле медиктердин айлыгын көтөрүп жатса, төрөгөн аялдардан акча алгандан беттери чымырасын. Төрөткананын кире бериш эшигинин акыбалынан намыс кылышсын. 
Улукбек бир аз журналистик этиканы бузса бузуп жаткандыр, бирок андан эч ким зыян көрбөйт. Ал эми тиги Гиппократтын антын ичкен медиктердин зыянын күн сайын көрүп эле жатабыз. 

Кыргызстанда соттордон кийин коррупцияга батып кеткен тармак медицина экени эч кимге талашсыз. Ошондуктан Улукбектин тилкат менен бошотулушу туура иш.

Ал эми таза суу боюнча камалган блогерлер тууралуу бир аз эле маалыматым бар. Алар сууну шылтоо кылып, өздөрүнүн ыплас ойлорун ишке ашыруу үчүн чуркап жүргөн бузукулар окшойт. Андайлар борбор шаарда, борбор шаардын айланасында толуп кетишпедиби. Алардын чын дилинен блогер экенине ишенбейм.