УКМК КР Министрлер Кабинетинин алдындагы алкоголдук продукцияларды чыгарууну контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте 2023-жылдын 18-июлунда контрафакттык алкоголдук продукцияларды чыгаруу боюнча жашыруун цехтердин ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагындагы бир катар даректер жана Ош базарындагы “Берекет универсал” соода түйүндөрү тинтүүгө алынган. Натыйжада ар кандай көлөмдөгү 3 миң 350 литрди түзгөн 16 миң 900 бөтөлкө жасалма алкоголдук ичимдиктер (арак, коньяк, виски жана текила) табылды. Ошондой эле 350 литр этил спирти, 2000ден ашык жасалма акциздик маркалар, этикеткалар, контрафакттык алкоголдук ичимдиктерди чыгаруучу машиналар, спиртти өндүрүү үчүн колдонулган атайын түзүлүштөр жана башка компоненттер табылган.
Белгилеп кетсек, курамында спирт бар продукциялар санитардык-техникалык жана медициналык нормаларды сактабастан, колго жасоо ыкмасы менен өндүрүлгөн. Бул керектөөчүлөрдүн ден соолугуна зыян келтирет, ошондой эле республиканын генофондуна коркунуч келтирет. Мындан тышкары, бул продукцияларды өндүрүү жана сатуу тиешелүү акциздик жана салыктык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу түрүндө экономикага олуттуу зыян келтирүүдө.