- Шүкүрбек байке, УКМК деле, ИИМ деле коррупционерлер менен күрөшүп жаткансыйт. Эмнеге коррупционерлерди кармаган сайын көбөйүп жатат?
- Коррупционерлерге келсек, 30 жылдан бери коррупция менен күрөшөбүз деп келишип, өздөрү коррупционер болуп кетип жатышкан. Азыркы бийлик келген 2-3 жылдан бери мамлекеттин казынасын тешкен "крысалар" менен аёсуз күрөш жүргүзүүнүн негизинде миллиарддаган акчалар кайтарылды, көптөгөн мамлекеттик ишканалар алынды. Бирок "крыса в Африке крыса" дегендей алар уурдоонун башкача методуна өтүп алгандай. Анан дагы алар "камалсам да уурдап алайын" дегендей принципти карманышкандай.
Үчүнчүдөн, "крысаларды" жазалоонун аёосуз чараларын киргизүү учур талабы болуп турат. Минимум - бүт мүлкүн алуу, жылаңачтоо, максимум - "нет человека, нет проблем" дегендей чараларды колдоно турган учур келди окшойт.