Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Европа парламентинин "Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарына жана сөз эркиндигине кысым көрсөтүү жөнүндө" кабыл алган резолюциясы боюнча комментарий берди.
"Бул резолюцияны даярдоодо документтин демилгечилери кыргыз тараптан тактоочу же кошумча маалымат сурабагандыгы өкүндүрөт.
Объективдүү эмес, бир жактуу пикирге негизделген үстүртөн резолюция өлкөгө жана улуттук каада-салттар менен негиздерди эске алуу менен демократияны, жарандардын негизги укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча Кыргыз Республикасы тарабынан көрүлүп жаткан чараларга кысым көрсөтүү катары каралат.
Резолюциянын авторлору, балким, атайылап, "Азаттык Медиасынын" айланасындагы маселенин сот аркылуу чечилгенин, ошондой эле белгиленген мыйзам долбоорлору жарандык коомдун өкүлдөрүнүн кеӊири чөйрөсүнүн катышуусу менен талкуу этабында гана экенин эске алышкан эмес.
Резолюциянын башка бир катар пункттары да таң калтырат, алар объективдүү баа берүүнү жана аларды улуттук мыйзамдарга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын бийлик бутактарынын көз карандысыздыгын караштырган мыйзамдарга ылайык чечүү жолдорун чагылдырган эмес", - деп айтылат маалыматта.