Печать
Категория: Коом
Просмотров: 258

- Ысык-Көл таштандылардан, торлордон арылып, бир сергип алды окшойт. Көлдү март айынан бери тазалап, көл энени урматтап, ыйык жерди сактоо зарылдыгын түшүндүрө алдыкпы?

- Ысык-Көлдөгү торлорду, түбүндөгү таштандыларды тазалоо иштеринин президент өзү  кыдырып, көзөмөлгө алып туура кылды. Март айынан  бери 100 км балык кармоочу тор, 6,8 тонна таштанды чыгарышты. 

Ыйык  жерлерге кыргыз кандай этият  мамиле кылса, ыйык көлүбүзгө дагы ошондой сый-урмат менен мамиле кылуу керек. Ысык-Көл өз касиети  менен ошол бойдон дагы сансыз кылымдарга карай сакталып калышы керек. Ысык-Көл бүгүн баарыбыздын  баалуу берметибиз экенин эстен чыгарбайлы!  

Көлдүн жээги, көлдүн түбү таштандыларга толгонун көргөндө  жүрөк канайт. Көлүбүздүн касиетин кетирип, экологиялык бүтүмдүүлүгүбүздү талкалап, таштанды көлгө айландырып жатканыбызга кечирим жок. 

Мен дагы көлгө, көлдүн жээгине таштанды таштабайлы деп баарыңыздарга кайрылгым  келет. Көл жээгине эс алгандан кийин артыбызга таштанды калтырбай тазалап кеткенге үйрөнөлүчү. Бул деген Ысык-Көлгө таазим кылып, аны барктап- баалап сыйлагандык болот. Бири-бирибизди ошого үндөйлү!