-Абдувахап мырза, Жогорку Кеңеш каникулга кетердин алдында “Билим берүү жөнүндө” мыйзам долбоорун кабыл алды. Бул мыйзам менен окуу системасында эмне жеңилдейт?
- Жаңы кабыл алынган мыйзам билим берүүнү өнүктүрүүгө жана аны заман талабына ылайыкташтырууга багытталган. Ошон үчүн тарыхый чечим менен баарыңыздарды куттуктайм!
Биз бул ишти 1,5 жыл мурда аракет кылып баштаганбыз. Жогорку Кеңештин депутаттары менен аймактарды кыдырып, 1000ден ашуун мугалимдер менен жолуктук, алардын көйгөйлөрүн-сунуштарын уктук. Алардын сунуштарын эске алып, эл аралык тажрыйбаны иликтеп, жыйынтыгында ушул мыйзам жазылды. Кайталанма жолугушуу-чогулуштар, кызыл чеке талаштар болду. Бул процесстер аябай маанилүү деп ойлойм. Анткени көйгөй так аныкталганда гана анын чечилиши үчүн туура чаралар көрүлөт.
Бул мыйзам Жогорку Кеңеш, Кыргыз Өкмөтү, Билим берүү жана илим министрлиги жарандык коом менен биргеликте аракет кылып, бышыра иштеп чыккан, эң көп талкууланган мыйзам болду деп эсептейм.
Мыйзамдын демилгечилери Жанар Акаев, Нурланбек Шакиев баштаган 31 депутатка рахматымды айтам. Сиздер өтө маанилүү реформаны баштадыңыздар!
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровго, Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевге тез ылдамдыкта өзгөрүп жаткан дүйнөлүк чакырыктарды жана буга туруштук берүү үчүн системанын өзгөрүшү керектигин туура түшүнүп, бул багыттагы ишибизди кубаттаганы үчүн терең ыраазычылык! Азыркы системалашкан тоскоолдуктар, чиновниктер менен күрөшүүдө аракетиңиздер мыкты.
Эки жылдан ашуун убактан бери билим берүү тармагын анализдеп, эл аралык тажрыйбаны үйрөнүп, өкмөткө, депутаттарга ыктыярдуу көмөктөшүп жүргөн Гульнара Каликова, Бурул Макенбаева, Эльдар Абакир, Булутбек Имаров, Данияр Аманалиев ж.б. жигердүү пикирлештерибизге ыраазычылык билдирем.
Бул мыйзам президент Садыр Жапаровдун программасы, билим берүү боюнча убадаларын ишке ашырууга болгон аракеттин жыйынтыгы. Буюрса, мугалимдердин, жарандык коомдун, бул тармактагы адистердин жана депутаттардын сынынан өткөн долбоорду мамлекет башчысы да колдоп, билим берүүнүн өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт деп үмүт кылабыз.
Баарыңыздардын талбаган аракетиңиздер жемишин берсин! Элибиз үчүн пайдалуу болсун!
Балдарыбыздын сапаттуу билим алуусу - өлкөбүздүн эртеңки келечеги!
- Жаңы кабыл алынган мыйзамдын кандай артыкчылыгы бар?
- Бала бакча ачуу жеңилдейт, мектептерди аккредитациялоо жоюлат, Ваучер системасы киргизилет.