- Асман шаарына капсула салынды. Экологиялык жактан таза шаардын курулушун баштап президент  туура кылдыбы?

- Ар ким ар нерсе деп айтып жатышпайбы. Негизи шаардын курулушун баштап туура кылдык. Алдыга умтулуп, жаңы кадам таштап, жаңы долбоорлорду ишке ашырышыбыз керек. Кошуна мамлекеттер деле замандын талабына ылайык жаңы шаарларды куруп жатпайбы. Биз деле  ажайып кооз шаар куруп,  туристтерди тартып, жайкы, кышкы туризмди өнүктүрүшүбүз керек.  Колубуздан келсе, жылда жаңы шаар куруп, мекенибиздин көркүнө көрк кошушубуз  керек. Кыргыздардын колунан баары келет. Ташкент Ситини көрдүңүз беле? Ошол көз жоосун алган керемет курулушту деле кыргыз балдар салган. Асмандай шаарды жылда салган, бардык региондорду көркүнө көрк кошкон шаарларды курган күнгө жетели. Обу жок сындап, ар кайсыны айта бербей жаңы шаарларды курууну максат кылалы. Асмандай шаар ар бир облуска курулсун деп тилек кылалы.