Печать
Категория: Коом
Просмотров: 233

- Асман шаарынын капсуласынын салынышына мени да чакырышты. Асман шаары айтылып жаткандай бюджеттен бир сом коробой курула турган  болсо, туристтерди тарткан жакшы шаар болот. Буюрса, Асман шаарынын арты менен инфраструктуралар, жолдор  оңдолот.  Ошондой эле банктар салынат. Кыскасы, туристтерге эмне керек болсо, ошонун баары салынат.

Бирок көп кишилер Асман шаарынын салынышына ишене албай турат. Жылуу сууну кайдан алат? Салынган көп кабат үйдү кантип жылытат,  электр энергиясы менен жылытса, кымбат болуп калбайбы, сууну кайдан алып барышат дегендей түрдүү суроолорго жооп издеп, бушайман  болуп жатышат. Менимче, үйдү дагы, сууну дагы чоң электр подстанцияларды куруп, ошону менен  жылытышса керек. Иш жүзүндө кандай болоорун убакыт көрсөтөт. Мен дагы асман шаары курулуп калса деген тилектемин. Инвесторлор Франциядан, арабдардан келет деп жатышат. Жакшы шаар куруп берет деп үмүт артып, көптүн бири катары ишенип турам.