Кыргызстан менен Малайзиянын ортосунда түз авиакаттам ачылышы мүмкүн. Мындай мүмкүнчүлүктү Кыргызстандын тышкы иштер министри өлкөгө расмий сапар менен келген малайзиялык кесиптеши Замбри Абдул Кадир менен болгон эки тараптуу жолугушууда талкуулады.
Жээнбек Кулубаев түз авиакаттамдын ачылышы эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө шарт түзөөрүн белгиледи.