- Руслан мырза,  Асман шаарынын долбоорунун автору экенсиз. Асман шаары  туристтерди өзүнө тарткан, Кыргызстандын кадырын көтөргөн керемет шаар болобу?

- Албетте, Кыргызстандын кадырын көтөргөн, туристтерди тарткан керемет шаар болот. Буюрса, Кыргызстандын тарыхында кала турган ажайып кооз  шаарлардын алдыңкы сабында  болот. 

- Асман шаарына  жалаң байлар жашап, карапайым калк баш бага албай калбайбы?

- Эмнегедир көптөр ошондой ойду айтып жатышат. Асман шаары - байларды тарткан шаар болот. Башкалар ойлоп жаткандай байлардын шаары болуп, капарайым адамдар баш бага албай кала турган шаар болбойт. Баары эле жашаса боло турган керемет шаар болот. Биз муну элибиз үчүн куруп жатабыз. Элдин жашоо-шартын жакшырышына салым кошсун, элибиздин жашоосунун деңгээлин көтөрсүн, элибиз ушул шаардын убайын көрсүн деп. Ошону баары түшүнүшүн каалайт элем. Жалаң байларга куруп жатат дебей.