КР УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү боюнча иш чаралар жүргүзүлүп жатат. Анын алкагында, Ош облусунун тургунунан опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул Ош шаардык ички иштер башкармалыгы менен биргеликте ишке ашты.
УКМКнын маалыматына караганда, 1996-жылы туулган А.у.К. жана 1995-жылы туулган Ж.у.Ч. аттуу жарандар физикалык зомбулук көрсөтөбүз деп коркутуу менен Ош облусунун Кара-Суу районунун А.С. аттуу тургунунан 30 миң сом өлчөмүндө акча каражатын, ошондой эле ай сайын 15 миң сом өлчөмүндө акча төлөп турууну талап кылышканы аныкталды.
Натыйжада, үстүбүздөгү жылдын 29-июнунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында жогорудагы жарандар кармалган. Учурда кылмыштын уюштуруучусу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.
Атайын кызматтар жана укук коргоо органдары биргеликте уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракеттенүүнү улантууда.