Соцтармактарда Адахан Мадумаров тууралуу видео жарыяланды. Анын тексти мындай: 

"Адахан Мадумаровдун кезектеги өрдөк учурган калпын аныктадык. Ал, журналист Жылдыз Муслимовага маек берип жатып, “Кезинде Аскар Акаев менин оозумду жабыш үчүн жаңы түзүлгөн Жалал-Абад облусуна губернатор болур бер деп суранган. Анын максаты мени трибунадан кетирүү болчу”, -деп толгон токой калпты айтты. 

Жалал-Абад облусу 1991-жылы түзүлүп, ага алгачкы губернатор болуп Бекмамат Осмонов дайындалган. Ал кезде Адахан Мадумаров студент, 26 жаштагы бала болгон. “Мени трибунадан кетириш үчүн”-деп айтканы кызылдай жалган, 1991-жылы депутат эмес эле. 1992-жылдан тарта Мадумаров КТРде бөбөктөргө арналган редакцияда иштеп баштаган. Саясий карьерасы баштала элек кези. 

Ар дайым “чындыкты айтам, адлиеттүүлүктү айтам, мен эле мен”-деп тили сайраган Мадумаров каратып туруп бул калп айтып жатат. Бул көп калпынын бири эле..."