Печать
Категория: Коом
Просмотров: 182

- Асман шаарына капсула салынды. Буюрса, Асман шаары дүйнөдөгү  кооз, керемет шаарлардын катарын толуктайбы?

- Биз кыргыздар чынында эле көралбастыктан бүткөн эл окшойбуз. Көралбайбыз, жактырбайбыз... түптүз жерде эки-үчкө бөлүнүп, ар бирибиз өзүбүздү гана мактап жатып калабыз. Албетте, мыкты сапаттарыбыз толтура дечи, аны айта албайбыз. Эмне үчүн? Ушул собол мени көптөн бери ойлонтуп келет.

Мисалга, Асман шаары. Өткөн жылдары бул маселе көтөрүлгөндө не деген гана сындар айтылбады. Али анын чийими турсун, сыясы кагага түшө элек бирок каргышы канча.. .Көл кылаабызды ары алып барышып, бери кайра сүйрөп келишти. Эми, ошол долбоорду баштайлы деп оозун ача электе. Койундагы котур таштарын кайрадан сууруп чыгышты. Көп эмес, бирок аз-маз болсо да бар... иликтеп чыксаң, каршылардын баары бийликке ыктап, көздөрүнөн хан чыкты чуурулуп турган топтун мүчөлөрү. Демек, көралбастыгыбыз деле саясатташып кеткен окшойт билинбей жүрүп. Бирөө болсо аны кургандарга ушундай каргыш тийет деп оозунан ак ит кирип, карасы чыгат. Оозуңа таш деген жан жок. Кыргыз жергеси өнүгүп кетсе, анан баары демократиялашса... маселе чыкпай, "Ак үйдү таш менен уруп басалбай калсак кантебиз" дегендердин эле жан кыйкырыгына окшотуп турам буларды.

Ооба. Дубай десе шилекейлерин чуурутуп, керээли кечке мактап, кана биздин аткаминерлер ошондой шаар курса деп сөөмөйлөрүн кезешет. Анан эле андан да мыктысын куралы десе, тигинтип тетири заара кылышат.

Менимче, баштадыңбы, коркпо, артка кайтпа... Ысык-Көлдүн гана керемети эмес, Кыргызстандын, атүгүл Борбордук Азиянын бир кермети болсунчу... Дүйнөдөгү эң кооз (Ысык-Көлдөй жерге жапа жалгыз го акыры, араб шейхтери айтмакчы, чыныгы бейиш) керемет шаарлардын бири болсун ылайым!