Печать
Категория: Коом
Просмотров: 562

- Ибрагим агай, качантан бери айтылып жаткан “Асман шаары” саналуу 3 күндөн кийин курулушу башталат экен. Кайталангыс керемет шаар болот деп үмүт артсак болобу?

- Асман шаарына 30-июнда капсула салат деген сөздү мен да угуп жатам. Инвесторлор табылды деп жатышат. Атына заты жарашкан шаар болсо экен деп тилек кылам. Кошуна мамлекеттердин көбү жаңы заманбап шаарларды куруп алышты. Мисалы,  Ташкентте “Ташкент Ситини” көрдүм. Аябагандай кооз шаар. Анталияда, Измирде дагы жаңы  шаарлар курулду. Андижанда дагы жаңы Андижан деп керемет укмуш долбоор баштап жатышат. Кошуна мамлекеттерде шаар ичине шаар  салып жатышат. Бизде азырынча андай шаар жок. Болгону, Асман шаарын курабыз деп турабыз. Асман шаары кайталангыс, дүйнөдө жок шаар болбосо да, мурда салынган шаарларга караганда кыйла жакшы шаар болот деп  ойлойм. Асман шаарына премиум класс, бизнес класстарды, VIP үйлөрдү салып койсо ал жерге жалаң байлар жашап калат. Ал дагы кийин көйгөй болушу мүмкүн. Ошон үчүн Асман шаарын  жалаң байлар жашай турган шаар эмес, анча бай эместер да үй алып жашаганына  ыңгайлуу баада үйлөр курулган  шаар болушу керек.