Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун бүгүн, 27-июнда 1-окууда карайт.
Парламенттин сайтындагы маалыматта комитет жыйынында мыйзамдын демилгечиси жана автору Надира Нарматова баяндама жасай турганы жазылган.
"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамга жана "Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча" мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 19-майда каттоого алынган.
Мыйзам долбооруна ылайык, "чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюм" деген түшүнүк киргизилип, мамлекеттин көзөмөлдөөчү укуктары көбөйтүлөт.
"Чет өлкөдөн, эл аралык уюмдардан каржыланган жана чет өлкөлүк булактардын кызыкчылыгы үчүн Кыргызстандагы саясий иштерге катышкан бейөкмөт уюм эми чет өлкөлүк өкүлдүн милдеттерин аткаруучу коммерциялык эмес уюм" деп аталат.