Печать
Категория: Коом
Просмотров: 93

Ысык-Көлдөгү Асман эко-шаарынын курулушуна 30-июнда капсула салынат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди. 

"Мен бир нерсени айткым келди. Мамлекетибиздин эгемендик алган жылдар аралыгындагы ар кандай саясий окуялар, шайлоолор, саясатчылардын жана бийликке келген команданын ишке ашпаган убадалары - элдин ишенимин такыр эле өчүрүп салыптыр. Кандай гана иш башталбасын “кантип эле”,-деп күмөн санап турушат. Мына ошол шек саноолор – жыйынтыктуу иштердин натыйжасы менен ишенимге алмашат деп ишенем.

Муну эмнеге айтып жатам?

Садыр Жапаров мурдатан айтып жүргөн кыялдарын орундатып, берген убадаларын аткарып жатат. Аларды далилдер менен санап берейин.

1. Кумтөрдү мамлекетке алып, элдин пайдасына иштетем деген убадасына ириде саясатчылар ишенген эмес. “Кантип эле?! Колунан келбейт, эрки, күчү, акылы жетпейт”-деп айткандарын, шылдыңдаганын чогуу эле укканбыз. Жыйынтык, Кумтөрдү мамлекетке алып, казылган алтындары, анын салык жана башка кирешелери толугу менен өлкөбүздүн казынасына түшүп жатат.

2. Ар кандай тоскоолдуктар менен ишке ашпай келген, кубаттуулугу 1860 МВт “Камбар-Ата 1” ГЭСинин курулушу башталды. Мындан тышкары ири ГЭСтердин агрегаттарында реконструкциялар болуп, кошумча кубаттуулуктар кошулууда. Жалпысынан 50гө жакын ГЭСтер, чакан ГЭСтер, күн жана шамал электр станциялары (КЭС, ШЭС) курулуп жатат. Муну менен энергетикалык коопсуздук маселеси чечилет.

3. Ар бир кыргыздын кыялындагы “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунунун курулушу башталды. Бул долбоор менен мамлекетибиз тупиктен чыгып, дүйнөгө кулачын жаят. Темир жол мамлекеттин экономикасына Кумтөр сыяктуу эле миллиарддаган кирешелерди алып келет.

4. Билим берүү тармагына быйыл эң көп каражат бөлдү, жаңы мектеп, бала бакчалардын имараттарынын курулушу жүрүп жатат. Муну менен республикада мектеп көйгөйү чечилет.

5. Дүйнөдө көп өлкөлөр сатып ала элек “Байрактар”, “Аксунгур”, “Акиыджи” сыяктуу заманбап абадан коргонуу аскердик техникалары сатып алынды. Мындан тышкары эскилиги жеткен куралдар жаңыланды, жакында эле аскердик вертолет алынды. Эми коопсуздугубуз бекем, уйкубуз тынч болот.

6. Өзгөчө кырдаал, кырсыктарды алдын алуу жана куткаруу багытына колдонуучу чет элдик вертолеттор, заманбап өрт өчүрүүчү жана керектүү куткаруучу техникалар алынып, колдонууга берилди.

7. Жол оңдоо жана курууга эскилиги жеткен, арты 1985-жылы чыгарылган техникалар бүгүнкү күнгө чейин кызмат көрсөтүп келсе, анын баары жаңыланып жатат. Кыргызстан 669 жаңы техника сатып алууну максат кылган, анын алды Кыргызстанга келип, өлкөбүздөгү жолдордун курулушуна пайдаланып баштады. Быйыл өткөн жылдарга салыштырмалуу көп аралыкка асфальт жолдор курулат.

8. Миллиарддаган каражаттар Баткенди кайра калыбына келтирүүгө, жаңы үйлөрдү, обьектилерди курууга, элдин жашоо шартын оңдоого кетти. Мамлекеттин экономикасы кубаттуу болгон үчүн – бул сыноону дагы татыктуу көтөрдү. Баткенге милларддаган каражаттар кетип жатканына карабай, башка аймактарга пландалган курулуштар токтогон жок, өксүп отуруп, моюн сунуп отуруп калбай, кайра кайраттандык, күчөдүк.

9. Өлкө аймагы боюнча райондук жетекчилер үчүн – кызматтык үйлөр курулуп, колдонууга берилип жатат. Бул ротация болуп, башка аймакка барган жетекчилерге берилет. Мамлекет кызматкерлердин жер которуп, тажрыйба алмашып иштөөсүнө кам көрүүдө.

10. Жаңы ооруканалар, балдардын реабилитациялык борборлору курулууда. Бишкекте жаңы 100 орундуу “Келечек” борбору курулду. Ысык-Көлдө “Алтын балалык” борбору толук оңдоодон кийин, өлкө аймагындагы бөбөктөрдү кабыл алууда.

11. Облустагы жана аймактардагы аэропорттордун курулуш жумуштары жүрүп жатат, алар бүтсө өлкө ичинде аба каттамдары жанданат. Бишкек шаарына жаңы автобустар сатып алынды.

Мындан тышкары санап отурса көп иштер аткарылып, ишке ашып, аягына чыгып жатат. Ага сиздер менен чогуу күбө болуудабыз. Жогоруда, ишке ашкан жана ашып жаткан Президент Садыр Жапаровдун убадаларын бир сыйра эске салып өттүм.

Буюрса, 30-июнда Ысык-Көл облусунда экологиялык “Асман” шаарынын курулушуна старт берилет. Бул долбоор жарыяланганда сөзүмдүн башында айткандай, эч ким ишенген эмес. Ал тургай шакаба, күлкү кылып дагы айтып, жазып жатышты. Ири долбоордун курулушуна Президентибиз капсула салат, андан ары жумуш башталат.

Салыштырып айтып кетким келет. Бүткүл дүйнө эли кызыккан, туристтер агылып барган Дубай шаары чөлгө, эч кандай шарты жок жерге, инвесторлордун жардамы менен курулган.

Ал эми биздин Асман шаары – төрт мезгили бар, ажайып кооз, ак мөңгүлү тоолордун курчоосундагы Ысык-Көлдүн жээгине түшөт. Президент Садыр Жапаров баштаган ишин сөзсүз аягына чыгарат. Убакыт учкан куш. Бүт дүйнөнүн эли агылып келе турган Борбор Азияда шаар пайда болот, ал – Асман!

Жакшы ниеттерге чогуу тилек кылып, максаттарга ынтымак менен бирге жетели!" - деп жазды Орунбеков соцтармактагы баракчасына.