Печать
Категория: Коом
Просмотров: 517

КР Улуттук илимдер академиясынын академиги, айыл чарба илимдерин доктору, профессор Жамин Акималиевдин кайрылуусу:

- Бүт өмүрүн айыл чарбага арнаган адис жана илимпоз катары биздин чоңдорго айтаарым: Аскарбек Жаныбеков кетмейинче, айыл чарбасы алдыга жылбайт. Буга бир эле далил келтирейин. Президент Садыр Жапаров республикабыз өзүн-өзү азык-түлүк, сапаттуу урук, сорт, техника жана суу менен толук камсыз кылсын деген максатта 26 миллиард сом өлчөмүндөгү болуп көрбөгөндөй каражатты мамлекеттик бюджеттен бөлүп берди. Демек, айыл чарба министри өлкөбүздүн тажрыйбалуу адистерин, акылман окумуштууларын жана алдыңкы өндүрүшчүлөрүн чогултуп, атайын программа түзүп, мамлекеттен алынган акчаны республикабыздын ичинде пайдаланышы керек болучу. Анткенде, көп эле дегенде 3 жылдын ичинде Президентибиз койгон орчундуу милдеттерди аткарып коймокбуз. Анын ордуна, Аскарбек Жаныбеков миллиарддаган каражаттарды Россияга көтөрүп барып, алардын ансыз деле бай бюджетин толтуруп берди.

Башкача айтканда, ал жактан 1,5 миллиард сомго Кыргызстандын табыгый шартына туура келбеген жана биздин талааларда сыналбаган буудайдын жана арпанын сортторун жана уруктарын сатып келген. Бул негизинде республикабыздын үрөнчүлүк боюнча мыйзамдарына карама-каршы келет жана кыянаттык ишке барабар. Анын ордуна акчаны өзүбүздө пайдаланып, өзүбүздөн чыгып жаткан сортторду жана үрөндөрдү өндүрүшкө кенен-кесир таратыш керек болчу. Анткен себеби, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн биздин илимий изилдөө мекемелирибиз жараткан сорттору жана анын уруктары түшүмдүүлүк, ошондой эле кургакчылыкка жана илдеттерге чыдамдуулугу боюнча Россиялык материалдардан алда канча алдыда турат жана биз үчүн арзанга түшмөк. Сырттан алынып келинген буудайдын жана арпанын үрөндөрү, биринчиден, кеч келип толугу менен себилбей калды, экинчиден, аларды бир нече ай сактап турган учурда уруктун сапаты кескин төмөндөп, анын жерге өсүп чыгышы 50 пайыздан ашкан эмес. Мындан тышкары алыс жактан ташылып келинген үрөндөрдүн 1 килограммы 60 сомго чыгып кетти. Өзүбүздөн өндүрүлгөндө ал 30 сомдон ашмак эмес.

Кымбатына карабай сырттан келген уруктарды айыл чарба министри дыйкандарга күчкө салып таратты. Аны дагы түздөн-түз бербестен банк аркылуу жөнөтүп, 4 пайыз менен насыя кылып беришти. Бул эми акылга сыйбаган иш да.

Болбосо, 26 миллиард сомдун алкагында өзүбүздүн эле үрөн чарбаларыбыздын айдоо аянттарын кеңейтип, аларды арзан кредит менен камсыз кылып койгондо, маселе тез эле чечилип, өндүрүштү өнүктүрүүгө омок түзүлүп калмак. 

Жүрөгүбүздү сыздаткан дагы бир нерсе, Россиядан кымбат баада сатылып келинген уруктардын арасынан өтө коркунучтуу жана жугуштуу илдеттер чыкты. Мисалы, арпанын арасынан «кара көсөө» деген жаман оору чыгып, ал Ысык-Көл жана Чүй облустарынын айрым жерлерин басып кетти. Бул илдет өсүмдүктүн сабагы менен чогуу чыгып, түшүмдү кескин төмөндөтөт же болбосо болтурбай коёт. Кара көсөөнү биз Совет доорунда эле жок кылганбыз. Анын үстүнө биздин ата-мекендик сортторубуз бул илдетке чыдамкай келишет. Россиядан келген сорттордун ооруга туруксуз экендиги аз келгенсип, алардын үрөндөрү тийиштүү тартипте дарыланбаптыр. Былтыр айыл чарба министри бул коркунучтуу илдет менен чечкиндүү күрөшкөндүн ордуна, аны жаап-жашырып койду. Анткен менен кара көсөөнүн мителери шамал аркылуу жайылып кетти жана топурактын курамында көп жылдарга сакталып калды. Эми аны жоготуш үчүн илдет каптаган жерлерге 5 жыл катары менен эгин сеппеш керек жана которуштуруп айдоону киргизип, жерди терең айдоо зарыл.

Ошентип, Аскарбек Жаныбековдун айынан таза жерлерибиз жугуштуу ооруга кабылып, келечекке орчундуу коркунучтар жаралды. Буга эми ким жооп берет? Сөзсүз, министр.

Эми жер семирткичтерге келели. Алардын баасы кымбаттап, сапаты начарлап кеткендиги – бул чыркыраган чындык. Андан биздин бечара дыйкандарыбыз гана зыян тапты. Министрибиз кашын серпип да койгон жок. Кээ бир “билермандар” азоттук, фосфорлук жана калий семирткичтерин “химиялык” деп аташат. Чындыгында андай эмес, алар минералдык жер семирткичтер болуп эсептелет. Башкача айтканда, азот - абадан, ал эми фосфор менен калий – жаратылыш кендеринен алынат. Демек, бул химияга жатпайт. Негизинде, органикалык жана минералык жер семирткичтерди бири-бирине каршы койгон туура эмес. Өсүмдүктөр экөөнө тең муктаж. Тилекке каршы, бизде органикалык айыл чарбасынын көлөмү жалпы өндүрүштүн бир гана пайызын түзөт. Калганын биз минералдык жер семирткичтердин эсебинен алабыз. Алардын артыкчылыгы – биринчи жылы эле түшүмдүүлүктү бир жарым эсеге чейин жогорулата алат жана топурактын асылдуулугун бир калыпта кармап турат. Ушуга байланыштуу, Кыргызстанда жок дегенде минералдык жер семирткичтерди чыгаруучу бир заводду курушубуз максатка ылайык. Азырынча аларды биз толугу менен Өзбекстандан, Казакстандан жана Россиядан сатып келип жатабыз. Ошондуктан алар кымбат. Өзүбүз чыгарганда, жер семирткичтер эки эсеге арзан болмок. Мындай үмүттөн ажырабай туралы, буюрса ал дагы ишке ашып калар. Бирок баары бир, азыркы айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков менен биз алыска кете албайбыз. Кадрларды дагы “которуштуруп айдоо” – азыркы замандын талабы.