- Негизинен Кыргызстанда ырчылар фонограмма менен ырдаганда үндү каалагандай кооздоп, жасап ырдашат. Ошондуктан кимиси булбул үндүү чыныгы ырчы экенин ажыратуу кыйын. Андан сырткары жандуу ырдаган ырчылардын концертине барсаң, эстетикалык жактан эс аласың. Ал эми фонограмма менен ырдаган ырчылардын концертине барсаң, башың ооруп чыгасың. Себеби жаздырып алган ырларын, музыкасын мүмкүн болушунча бийик койдурушуп, артисттик чеберчилик менен аткарууга аракеттенишет. Бирок ырдын сөзүн жатка билишпейт. Фонограмма менен ырдаган ырчылардын оозунун кыймылдаганы ырга шай келбейт. Угуучулардын жана көрүүчүлөрдүн купулуна толбой, иренжиткен учурлар көп байкалат. Менимче фонограмма менен ырдаган ырчыларга тыюу салынса, чыныгы таланттар ачыкка чыгат. Ошондой эле угуучулардын табити өзгөрүлүп, нукура музыка коштогон нукура кыргыз ырлары ырдалып, жан дүйнө азыгы жаңырат жана келечек муундарга сабак болот деп ойлойм.