Бүгүн, 24-июнда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиевдин көрсөтмөсү менен Ооганстан элине дары-дармек жана башка гуманитардык жардам көрсөтүлдү.

Ал атайын  учак менен жөнөтүлдү.

Ооган тарап Камчыбек Ташиевге жана кыргыз элине көрсөткөн жардамы, бир туугандык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.