Печать
Категория: Коом
Просмотров: 463

Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков архивде калган видеону соцтармактагы баракчасына жүктөп, төмөнкүдөй комментарий калтырды:

- Өмүрбек Текебаев Баткендеги Төрт-Көчө тууралуу Адахан Мадумаровдун кол койгон протоколу туура эмес экенин белгилеп сүйлөптүр.

Анда, Садыр Жапаров башында турган бийлик “бул протокол жокко чыкты, биз аны тааныбайбыз деп тажик тарапка билдириш керек эле, бирок билдире элек. Эл аралык нормага ылайык тышкы иштер министрлигинин Нотасы түрүндө жиберүү керек болчу”,-деп айтып жатат.

2021-жылы, кыргыз-тажик чек арасында болгон биринчи кагылуушудан кийин дароо эле, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча, ошол кездеги Тышкы иштер министри Руслан Казакпаев Мадумаров кол койгон протокол мыйзамсыз, аны тааныбайбыз деп тийешелүү Нотаны тажик тарапка жиберген. Бүгүнкү күнгө чейин кыргыз тараптын ошол позициясы өзгөргөн жок.

Мындан тышкары, так ошол протокол боюнча Башкы прокуратура депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартуу боюнча Жогорку Кеңештен уруксат сурап кайрылган. Депутаттар Мадумаровду жоопко тартууга уруксат бербей койгонун дагы жакшы билесиздер.

Андыктан, Өмүрбек Текебаев сыяктуу тажрыйбалуу саясатчы жана учурдагы дипломатка Кыргызстандын позициясын билбей же тактап албай, коомчулукка так эмес маалымат таратуусу ар кандай саясий чайкоочулуктарга жол ачышы мүмкүн экенин белгилейбиз жана дагы бир жолу өз убагында тажик тарапка Тышкы иштер министрлигинин тийиштүү Нотасы жиберилгенин эсине салабыз.