“Энерджи Буйга” ЖЧКсы тарабынан Кара-Кулжа районунун Чалма айыл аймагынын Буйга айылындагы Ак-Күнгөй суусуна кубаттуулугу 400 кВТ.ч болгон “Ыдырыс уулу Рыскул” атындагы “Буйга-1” чакан ГЭСи курулуп, ишке берилди.

Ачылыш салтанатында КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атынан чакан ГЭСти курууну колго алган ички инвестор “Энерджи Буйга” ЖЧКсынын жетекчилигине Ардак грамоталар берилди.

“Ыдырыс уулу Рыскул” атындагы “Буйга-1” чакан ГЭСи жеке ишкер Рамис Ыдырысов тарабынан 2021-жылы курулуш иштери башталып, 2023-жылы бүткөрүлгөн. Учурда Кара-Кулжа районунун Чалма, Капчыгай айылдарын электр энергиясы менен камсыздоодо. Мындан сырткары, жакынкы мезгилдерде “Буйга-2” чакан ГЭСинин курулушун долбоорлоо иш-аракеттерин пландоодо.