Печать
Категория: Коом
Просмотров: 73

Кечээ, 11-июнда Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын көзөмөл-өткөрмө жайынын эски ордуна жаңыдан 2 кабаттуу заманбап имаратты куруу иштери башталды. Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Жеңишбек Жоробеков капсула салды. 

Анын биринчи кабатында жарандарды кабыл алуу жайы, көзөмөл-өткөрүү жайы жана ыкчам тергөө бөлмөлөрү, ал эми экинчи кабатта милициянын генерал- майору Б.Нурматов атындагы тарых музейи жайгашат. Мындан сырткары, имарат ичинде ардагерлер кеңешинин бөлмөсү жана маалымат-технологиялар бөлүмүнүн маалымкаттарды берүү түйүнү да жайгашат.

“Бул имараттын курулушу менен ички иштер органдар эл менен өз ара кызматташуусу жакшырат деп ишенебиз. Имаратты курууга салым кошкон жарандарга терең ыраазычылык билдиребиз”, -  деди Жоробеков.