Бүгүн, 10-июнда каргалашуу июнь окуясына 13 жыл толду. Келечекте мындай окуялар кайталанбашы үчүн өткөндү унутууга болбойт. Айрыкча, бул элдик трагедияны токтотуу үчүн өзүнүн өмүрүн кыл учуна коюп, эрдик көрсөткөндөрдүн эмгегин.
Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ал күндөр тууралуу эскерүүсүн "Менин тилегим" аттуу китебинде чагылдырган. Андан үзүндү беребиз.
Ош окуясы: Тагдырымдын татаал күндөрү
Өткөн жылкы Оштогу улуттар аралык кагылышуу мени адам катары, Кыргызстандын жараны, кыргыз атуулу катары чоң кайгы-капага салды. Балким, башка саясатчылар сыяктуу бул окуяга алыстан көз салып, кайдыгер мамиле жасасам каргашалуу окуянын чыгыш максатын, маани-маңызын мынчалык терең түшүнбөй калмакмын. Бирок мен анте алмак эмесмин. Ош окуясы башталган күндөрдөн тартып анын канат жайып, от бүркүп бүт түштүк аймагыбызды кантип каптап кеткенин мен өз көзүм менен көрүп, аралашып, кайгы-капасын жүрөгүмдөн өткөрдүм. Окуя 10-июнь күнү түндө башталып, Оштун борбордук көчөлөрүнө чогулган өзбек улутундагы куралданган жаштар улутчул сепаратисттердин тукуруусу менен кыргыздарга кыргын салып, адамдын үрөйүн учурган мыкаачылыктарга, айбан жасабаган жырткычтык иштерге барышкан. 11-июнь күнү ошол кезде-биздин партиянын иши менен Ошто жүргөн азыркы Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков менен байланышсак, ал дал ошол кагылышкан каргашанын чордонунда экен. Ал телефондон куралданган улутчул өзбек сепаратисттери кыргыздарды аёсуз аткылап, кыздарды кордоп, шаардан сүрүп чыгарып жатканын, тез арада жетип келип, элге баш-көз болгула, бул апааттын алдын алып токтотуу керек деди. Биз Садыр Жапаров экөөбүз Бишкектен жөнөп, түнү менен жол жүрүп таңга жуук Ошко Фуркат айылына кирдик. Он миңдеген кыргыздар шаарга кире албай турушуптур. Биз чогулган эл менен туш-тараптан атылган окторго карабай шаардын борборун көздөй сүрүлүп жөнөдүк. Шаарда расмий бийликтин аты-жыты билинбейт. Баары качып-тозуп же солдаттарга өздөрүн курчатып алып коркуп чыга алышпай жашынып жатышыптыр. Көчөдө куралчан сепаратисттер өз билгендерин жасап жүрүшөт. Биз аларга колубузга көтөргөн таяк, кетмен-күрөктөрүбүз менен каршы туруп, мизин кайтардык. Ошол күнү түштөн кийин өзбек сепаратисттери жеңилгендерин моюндарына алышып, карапайым эл менен кошо Өзбекстандын чек арасын көздөй качып жөнөштү. Жүздөгөн бейкүнөө адамдар мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Шаар өрттөнүп-күйүп жатты. Адамдардын жүрөгүндө жууп кеткис кара так калды. Албетте биздин баргандагы вазыйпабыз – эки элдин араздашуусун кандай гана жол менен болбосун токтотуу эле. Кордук көрүп калган кыргыз жаштары да ар кандай аракеттерге өтө башташты. Бир жерге барсам өткөн түнү жакындары зордук-зомбулукту көргөн кыргыз жаштары эки өзбек аялын курчап алышыптыр. Аялдардын бирөө жаш наристесин көтөрүп турат. Эмне кылып жатасыңар десем, “өзбектер бизге адам көрбөгөн кордукту көрсөтүштү, биз да бул аялдарды кордойбуз” дешет. Мен “андай болбойт, карапайым аялдардын, жаш балдардын бул окуяга эч кандай тиешеси жок”-деп, көтөргөн баласын колума алып, өздөрүн жетелеп топтон куткарып, жакын турган көп кабаттуу үйгө алпарып тапшырдым. Антпесек зордуктун арты кордук болуп, өчөгүш өрчүй берет эмеспи.
Оштогу каргашалуу окуяны тынчытууга, көзөмөлгө алууга аракет кылып жаткан чагыбызда каргашанын кабшабы эми Жалал-Абад шаарын каптай баштаганын уктук. Биз 13-июнь күнү Жалал-Абадка келдик. Өзбек сепаратисттери Жалал-Абад шаарынан он чакырымдай батыш тараптагы Ош-Бишкек жолу өткөн Топурак-Белди тосуп, эки жакка өткөн автоунааларды аткылап, өрттөп, адамдарды өлтүрүп жатышыптыр деген маалыматты уктук. Ушул жерде негизинен өзбек улутундагы мекендештерибиз иштеген пахтаны кайра иштеткен “Сампа” заводу жайгашкан. Ошондуктан бул окуя “Сампа окуясы” деген ат менен белгилүү болду. Жалал-Абад шаарынын четине Көк-Арт тараптан келген 20 миңдей кыргыздар чогулуп, “Сампага” барабыз, андан ары өзбектер тыгыз жайгашкан Сузак айылына киребиз деп турушкан экен. Мага “Сампадагы” куралчан адамдардын кылмыштуу аракеттери тууралуу ушул чогулган эл айтты. Мен чогулган элге кайрылып, “Сампага” мен өзүм барам, болгон окуяны ошол жерден билип, анан сиздерге так маалымат алып келем дедим. Алар “Сампадагы” куралчан адамдар сенин ким экениңди билишпейт, алыстан эле атып салышат, барбагын, бизде так маалымат бар дешти. Мен элге “эмне болсом да мен барамын, силер ушул жерден жылбай мени күткүлө”,-дедим да айдоочумду анан жаныма дагы бир адамды алып “Сампаны” көздөй жөнөдүм. “Сампага” 200 метрдей жетпей машинени токтотуп, өзүм жалгыз түшүп куралчан адамдарды көздөй басып бараттым. Чынын айтсам басып бара жатып коркподум, элдин жүгү мойнумда эле. Барып чынында эле “Сампадагы” куралчан адамдарды көрдүм, жолуктум, сүйлөштүм. Алардын көбү азыр түрмөдө олтурушат. Мен аларга “Эмне максатыңар бар, эмне үчүн жолду тосуп, адамдарды аткылап жатасыңар, токтоткула, элдин эртеңкисин ойлобойсуңарбы” дедим. Мага өзбектер эч бир жаман сөз айтышкан жок. “Бир гана талабыбыз бар. Сузакты көздөй келаткан кыргыздарды токтотуңуз, ушуга кепилдик бериңиз , биз анан тарайбыз,-деди. Мен “кепилдик берем, кыргыздар Сузакка өтпөйт, силер бул жерден кеткиле дедим” да кайрадан машинаны көздөй жөнөдүм. Кайтып баратып эмнегедир коркунуч басты. Артымдан келип тийчү окту күтүп, тердеп чыктым. Машинага жетип олтуруп жүрүп кеткенче жаадырган ок качан жалмап кетет деген ойдо болдум. “Алладан ажал келбесе адам өлбөйт”,-дейт эмеспи. Аман-эсен келгениме чогулган эл да таң калды. Чогулган элге болгон окуяны айтып, тынчтандырып, Сузакка барбай калышты. Ошол жерден түз эле темир жол вокзалына бардым. Ал жерде үч миңдей өзбектер чогулуп турушуптур. Алар мага “Барпы тараптан келаткан кыргыздарды токтотуңуз, биз тарайбыз”, - дешти. Мен аларга кепилдик берип, Барпыга бардым. Ал жакта беш миңдей кыргыздар чогулуп, Жалал-Абадга өзбектер жашаган тарапка жөнөп турушкан экен. Мен аларды токтоттум. Элге кайрылып “мен силер эмне айтсаңар жасап келдим, дагы да жасай берем. Ушу сапар менин сөзүмдү угуп койгула. Шаарга кирбегиле” - деп өтүндүм. Эл укту. “Сенин урматың үчүн айтканыңды кылалы, өзбектер да тынчысын, аткылашканын токтотсун”-дешти.
Ошентип, бул күнү эки чоң кагылышуунун алдын алып калдым. Эртеси 14-июнь күнү кайрадан 20 миңдей эл Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтына чогулуп, Сузакты, “Сампаны” тазалайбыз деп жөнөп калды. Куралданып алгандар да көп эле. Окуя өтө курчуп, эл сүрүлүп, “Айгүл” универмагынын тушуна жетип калды. Кандай айла-амал кылып болсо да элди токтотуу керек эле. Ошо жерде солдаттар минип жүргөн БТРди токтотуп, суранып жолго туура койдуруп, элдин жолун тороп, БТРдин үстүнө чыктым да элге кайрылдым. Эч ким укчудай эмес, ызы-чуу. Эки күндөн бери эл менен жолугушуп сүйлөй берип, үнүм да чыкпай калды. Жаныма бир үнү катуу чыккан адамды алып, анын кулагына айтып, ал элге жарыя кыла баштады. “Элим – дедим, мен силерди Сузакка өткөрбөймүн. Мен алдыдагы трагедиянын масштабын көрүп турам. Ал жакта да жүздөгөн адамдар куралчан турат. Силердин араңарда да куралчандар көп экен. Мен силердин да, алардын да өлүмүн, аккан каныңарды көргүм келбейт. Эгер Сузакка өткүңөр келсе, мына мени атып, өлүгүмдү тебелеп туруп, анан өткүлө . Бул кайгылуу кагылышуулар, ызы-чуулар менин көкөйүмө көк таштай тийди. Менин кунумду эч ким куубайт, сөз берем. Ушул каргашаны токтотуш үчүн мен өзүмдүн жанымды бергенге даярмын, тирүү турсам силерди Сузакка өткөрбөйм”,-дедим. Эл мени “мунун акыл-эси сообу” дегедей таң кала карап, жымжырт болуп калды. Дагы кайталадым. Ошондо бир аксакал чыгып, элге карап “айланайындар, мен ушу жашка келип көп окуяларды башымдан кечиргем, бирок мындайды көрө элек элем. Ушул бала биздин тынчтыгыбыз үчүн, элдин тынчтыгы үчүн өзүнүн өмүрүн кыйганга даяр болуп жатат, демек бүгүнкү чындык ушул баланын жүрөгүндө, мен муну көрүп турам, бүгүн биз ушул баланын айтканын кылсак жаңылбайбыз”,-деди эле чогулган эл, макул, угалы дагы кандай өтүнүчү бар экен, айтсын дешти. Мен кайрадан мурунку айткандарымды кайталадым, тирүү туруп силерди Сузакка өткөрбөйм, тарагыла дедим. Ошондо эл “ушул бала биз менен эки күндөн бери чогуу жүрөт, мындан бөлөк бир дагы жетекчи, бийлик адамын көрбөдүк, айтканын кылып тарайлы, ачууга алдырып, эки тарап тең кыргынга учурабасын”, деп тарай башташты. Чындыгында ошо күндөрү кайсы жерге барбайын кызматтагы бийликтин бир да адамы эл менен болгонун көргөнүм жок, мен ушуга таң калдым. Ушуну менен Жалал-Абаддагы чоң коогалаң аяктады. Эгер курчуп бараткан окуянын алдын албаганымда чоң кагылышуу, кыргын болмок, анын жарасы адамдардын жүрөгүнөн эч кетмек эмес. Албетте муну менен мен өзүмдү баатыр кылып көрсөткүм келбейт, тагдырдын жазмышы менен мен ушундай кыйын-кырдаалда эл менен чогуу болуп, өмүрүмдү тобокелге салган жагдайларга чейин бардым. Антпесем, артымда жүздөгөн миңдеген адамдардын өмүрү коркунучта турган. Мындай жагдайда мен ушундай чечкиндүү аракеттерди жасоого милдеттүү элем. Ызаланган элдин жаалын басып, тынчтандырган соң 15-июнь күнү биринчи жолу Жалал-Абадда кыргыздар менен өзбектердин аксакалдарын жолугушутуруп, элди ынтымакка чакырдык. Ошондой эле биздин чакыруубуз менен Россиянын мусулмандар муфтийинин атайын өкүлү, Дагестандын муфтийи келип, аларды Ошту, Жалал-Абадды, Сузакты толук кыдыртып, мусулманчылыкты эл достугун чыңдоого багытталган аңгемелешүүлөрдү, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк бул аракетибиз кайсы бир деңгээлде өз жемишин берди.