Мелис Аспеков абактан чыгарылды. Бул тууралуу ЖАМК маалымат каражаттарына билдирген.
Аспеков 2021-жылдын 19-январынан тартып жаза мөөнөтүн өтөп баштаган. Алты жылга эркинен ажыратылган.
Бирок ушул жылдын 23-майында "Соттолгондорду кечирүү жөнүндө" президенттин Жарлыгы чыккан. Анын негизинде Мелис Аспековго дагы ырайым берилип, анын жаза мөөнөтү 3 жыл 8 айга кыскартылды.
Аспеков көз боемочулукка жана пара талап кылууга айыпталган.