Печать
Категория: Коом
Просмотров: 103

- Артур мырза, 28-май чек арачылардын күнү экен. Чек ара кайтаруу сыймыкпы же түйшүкпү?

- Адегенде мүмкүнчүлүктөн пайдаланып,  чек арачылардын майрамы менен куттуктайм. Анткени, чек ара тынчтык жана стабилдүүлүк болсо өлкөдө тынчтык болот. Ошон үчүн чек арабызда тынчтык болсун деп тилек кылам. Чек ара кайтаруу сыймыктуу да, өтө жоопкерчиликтүү да анан түйшүктүү да кесип. Ошон үчүн Советтер союзунун  мезгилинде чек ара кайтаргандар жогорку деңгээлдеги аскер кызматкери болуп эсептелчи. Негизи эле чек ара кайтаруу кылдаттыкты, жоопкерчиликти талап кылат. Акыркы жылдары Кыргызстанда дагы чек арачыларга өзгөчө көңүл бурулуп, түйшүктүү кесип экени эске алынып, аз болсо да колдоо көрсөтүлө  баштады. Бирок, чек арачылык кесип да  оңой кесип эмес. Тоолуу аймактарда чек ара кайтаруу абдан кыйынчылыкты жаратат. Кыргызстандын чек арасынын 90 пайызы тоолуу аймактан турат. Кесибинин артыкчылыгын сезген мекенчил чек арачылар оор жагдайда дагы кылдаттык менен иштешет. 

Акыркы 10-15 жылдан бери чек ара маселеси Баткенде көп жаралды. Бир канча жолу опурталдуу жагдайларды жаратты. Деморкация, делимитация болбогондуктан, көп учурда урушууга, атышууга алып келди. Негизинен бул маселе абдан татаал болгон үчүн бүгүнкү күнгө чейин чечилбей жатат. 2000-жылдан бери  акыйкаттуу чечүүдө көптөгөн талаш-тартыш жаратып, ушул күнгө чейин чечилбей турат. Чек ара маселесин чечүүдө биз дагы бир метр жерибизди бергибиз келбейт. Алар да бергиси келбейт. Чек арада чыккан  акыркы жылдардагы окуяларга карасак, коңшулар күч менен басып кирип, үстөмдүк кылууга аракет кылганы байкалып калды. Анклав болгон жерлерди биздин жерибиз деген талаптарды катуу коё башташты. Мунун себеби, баарыбызга белгилүү. Себеби, коркутуп-үркүтүп алып койсок болот деген ойдо бир топ одоно кадамдарды жасашты. Чек рада тынчтык болуш үчүн бийликте стабилдүүлүк болушу шарт. 

Ошондой оор шартта, кооптуу жерде иштеп, мекенге чеп болуп, чек араны кайтарып жаткан Баткен облусунун чек арачыларына чоң ыраазычылык билдирем.  

Мамлекет чек арачылардын материалдык базасын жаңылап, курал-жарактарын жакшыртып, жарадар болуп калса, дарылатып, каза болуп калса, үй бүлөсүнө колдоо көрсөтүп, үй алышына шарт түзүп, колдон келген жардамды берип, аларга стимул бергенди эстен чыгарбашы керек. Анткени, мамлекеттин коопсуздугу, жеринин бүтүндүгү үчүн чек арачылардын эмгеги өтө жогору.