УКМК тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Анын алкагында, айыл өкмөт башчысы кармалды.
Маалыматка караганда, Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагынын башчысы Т.Т.Т. “Лабиринт” ЖЧКсынын башкы директору А.А.дан Нарын районунун Куйбышев айылындагы бала бакчанын тегерегине брусчатка төшөө боюнча келишим түзүү маселесин оң жагына чечүү үчүн 20 миң сом талап кылган.
“Лабиринт” ЖЧКсынын башкы директору А.А. алдын ала мурда “МБАНК” мобилдик тиркемеси боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысынын талабы менен Т.Т.Т.га 8 миң сом суммасында акча каражат которулган.
2023-жылдын 25-майында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө (Опузалап пара алуу) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, пара алуу учурунда - калган 12 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен Т.Т.Т. кармалды.
Атайын иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Т.Т.Т.дан 12 миң сом акча каражаты табылып, мыйзамда белгиленген тартипте документтештирилди.
Учурда Т.Т.Тнын башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.