Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев Кыргызстан боюнча Ringo Trade брокердик компаниясынын офистерин жабууну сунуштады.
"Бүгүнкү күндө жүздөгөн жарандарыбыз ачык эле казиного кирип ойношуп, ставка коюшуп, анан жабыркап калышат. Түштүккө барып эл кантип жапа чегип жатканын өз көзүм менен көрдүм. Үйүнөн болгон баалуу буюмун, жада калса апаларынын алтындарын алып чыгып сатышат экен. Унаа менен үйлөрүн күрөөгө коюшат", - деди ал.
Ringo Trade онлайн - казиносун мисалга келтирди.
"Алар биржа, инвестииялык брокер өндөнтүп офисин легалдуу ачышат. Бишкекте он офиси бар, Ош шаарында эки, Кара-Суу районунда бир офиси иштеп жатат. Алар ачык эле иштеп, элди жабыркатууда. Мамлекеттик финансы көзөмөлү, Санарип министрлиги кайда карап отурат? Алар мындай сайттарды жабууга тийиш. Офистерин да жабышсын. Бул көз боемочулук", - деди депутат.