Печать
Категория: Коом
Просмотров: 480

Депутат Эрулан Көкүлов Кыргызстанга туристтерди тартуу үчүн Дисней сыяктуу парк ачууну Жогорку Кеңештин жыйынында сунуштады. 

Ал өлкөдө баары көп сүйлөп, бирок алар аткарылбаган кырдаал жаралып калганын белгиледи. 

"Башка өлкөлөр туризмди өнүктүрүү үчүн ар кандай инструменттерди ойлоп таап жатышат. Биздин өлкөдө да колдонула турчу бренддер бар, бирок колдонбой жатабыз. Мисалы, Түштүк Кореяда мамлекеттин колдоосу менен корей сериалдары тартылат. Ал аркылуу Кореяны баары таанышты. Бизде D Billions - бренди бар, дүйнө тааныган жаш балдар, ырчылар. Жаш балдар бул жаш команданы дисней мультфильмдеринен кем эмес билишет. Эмнеге алар менен сүйлөшүп, алардын жардамы менен Дисней сыяктуу парк ачууга болбосун? Алар инвесторлорду да тартышмак", - деди Көкүлов. 

Ал блогерлер дагы кооз жерлерди дрон менен тартып чагылдырып, туристтерди кызыктыра алышаарын белгиледи. Ошондой эле, Казакстандын Көк-Дөбөсүн мисалга тартты. 

"Алар тоого жол салышты, ал жакта бир нече кафе жана ресторандар бар, эки чоң эмес аттракционду орнотуп коюшкан. Алматыга барган ар бир адам ошол жакка барат. Эмнеге бизде мындай жерлер жок? Биз андайды кыла албайбызбы же кооз жерлерибиз жокпу?" - деди депутат. 

Ал Кыргызстандын желеги орнотулган Боз-Бөлтөк тоосуна жакшылыктуу жол жогуна карабай көпчүлүк бараарын эске салды. Аны менен катар ал жакка алып барчу жолго асфальт төшөө керектигин, жерди бизнесмендерге берсе, аймакты алар тартипке келтирип коюшаарын айтты. 

"Туризм - бул жер эмес, бул аракет", - деди Көкүлов.