Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Гүлшаркан Култаева дарыканаларда рецепти жок сатылып жаткан дары каражаттарын көзөмөлгө алууга чакырды. Бул тууралуу эл өкүлү "Парламент" радиосуна да ой бөлүштү. 

Ал көйгөйгө көңүл бурулбаса, келечек күмөн жаратаарын белгиледи. 

"Анткени мектеп курагындагы балдар дарыканаларда көзөмөлсүз сатылып жаткан дары каражаттарын колдонуу менен зыяндуу көндүм көрүнүштөргө кабылып жатат. Мисалы, көз ооруларына пайдаланыла турган препараттарынын курамында наркотикалык кошулмалар бар болгондуктан, аны эркин сатууга болбойт”, - деди.

Ошондой эле эл өкүлү акыркы мезгилде туш келди сатылып жаткан биологиялык активдүү кошулмалардын курамын кайсы орган текшерип, көзөмөлгө алышы керектигине көңүл буруп, лабораториялык изилдөөлөрдүн зарылчылыктарына токтолду.

"Парфюмериялык тармакта да таралып жаткан таза эмес продукциялардын сапатына көңүл бурбаса, андан ууланган учурлардын коомчулукта катталып жаткандыгы бушайман кылат, - дейт депутат.