Дмитриевкадагы окуяда документтери күйүп кеткен 18 чет элдик жаран жатаканага жайгаштырылды. Бул тууралуу Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы кабарлады.

Маалыматка караганда, Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында кылмышкерди кармоо боюнча атайын операциянын жүрүшүндө коңшу батирди убактылуу ижарага алып, жашап жаткан чет өлкөлүк 18 жарандын документтери күйүп кеткен.

Ысык-Ата районунун акими Алмазбек Осмонов чет өлкөлүк жарандар менен жолугушуп, аларды Кант шаарындагы жатаканага убактылуу жайгаштырды. Аларды тамак-аш, кийим-кече менен камсыздоо жергиликтүү бийлик тарабынан колго алынды. Алардын бири Беларустун, он жетиси Россиянын жарандары. Чет элдиктер Кыргызстанга өз алдынча тоого чыгып эс алуу үчүн келишкен.

Алар Россия, Беларусь элчилиги менен байланышып, документ маселелери чечилгенге чейин жатаканада жашайт.