Соңку беш жылда Борбор Азия өлкөлөрү кезинде согуштук аймактар эсептелген Сирия жана Иракка кетип калган жарандарын кайтаруу менен алек болду. Бирок бул өлкөлөрдө кайтарылган жарандарды реабилитациялап, кайра коомго кайтаруу аракеттери ар башка жүрүүдө.

Сезимдин окуясы

Сезим Сирияга 18 жашында капысынан барып алганын айтат. Дээрлик он жылдан кийин ал эми Мекенине эки балалуу эне болуп кайтты. Башында ал Түркияга медресеге окууга баратам деп ойлоп кеткен, бирок жигити аны алдап Сирияга алып кирип кеткен.

“Ислам мамлекети” башкарган аймакта ал үч жыл жашаган, аны ал жерге азгырып алып барган күйөөсү согушта каза таап, жесир калган. Андан кийин Сезим дагы бир согушчанга баш байлап, бирок анысы дагы согушта каза тапты. Чиедей балдары менен жалгыз калган келин, коопсуз жай издеп жүрүп, качкындар лагерин тапкан.

Сезим Сирияга кеткенде аны издеп апасы да ал жакка жөнөгөн.

“Кызымды издеп аркасынан 2014-жылы мен да Сирияга кеттим. Эми мына тогуз жыл өткөндө гана Кыргызстанга кайтып жатабыз. Ал жакта жашоо аябай оор, бизди кайтарып келгендерге чоң ыраазылык”, -дейт апасы.

Кыргыз бийлиги эл аралык уюмдардын көмөгү менен февралда Сирияга азгырылып кеткен 18 кыз-келин жана 41 баланы атайын борт менен Кыргызстанга алып келди. Алынып келинген аялдардын көбү "Ислам мамлекети" террордук тобуна күйөөлөрү менен кошо кеткен же азгырылып барып калгандар. Аларды өлкөдө жайгаштыруу менен алек болгон Социалдык өнүгүү министрлиги келгиндер кайсы жерге токтолгонун, кандай процедуралардан өтүп жатканын ачыктап маалымат бере элек. Бирок алар учурда реабилитациялык иш-чаралардан өтүп, алар менен психолог, социолог жана теологдор иш алып барууда.

Бул Кыргызстандагы мындай масштабдагы экинчи репатриация чарасы болуп жатат. Кыргыз бийлиги былтыр Ирактан жарандарын кайтарып келген.

Женева шаарында жайгашкан Булан институтунун директору Чолпон Орозобекова.

Женева шаарында жайгашкан Булан институтунун директору Чолпон Орозобекова

“Борбор Азия мамлекеттери 2019-жылы “Ислам мамлекети” талкалангандан кийин биринчилерден болуп жарандарын алып келишти. Айрыкча, Өзбекстан менен Казакстандан реабилитация жана реинтеграция программалары көп жагынан башка мамлекеттерге үлгү боло алат. Себеби, психологиялык жардам, дерадикализация, имамдар, молдолор абдан жакшы иш алып барышты. Кыргызстан дагы Ирактан балдарды алып келди. Кыргызстан эмнеси менен үлгү боло алат? Мисалы, кыргыз балдарынын энелери түрмөдө калып, өздөрү жалгыз келип, аларды дароо туугандарына өткөрүп берүү жагын ийгиликтүү ишке ашырышты. Ага чейин Ирактан Тажикстан дагы балдарын алып келди, бирок ал балдардын баары интернатта калды. Туугандарына багып алууга бере албай калышты. Ал үчүн эртерээк иш алып барып, даярданышы керек болчу. Кыргызстан эми Сириядан жарандарын алып келип атат, бирок бул жерде каржылык маселе болуп атат, ошондой эле адистерди даярдоо маселеси чыгып жатат. Бирок кийинки топту алып келгенге чейин мамлекет бул нерселерди чечкенге аракет кылат болуш керек”, - деди Женева шаарында жайгашкан Булан институтунун директору Чолпон Орозобекова.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кайрадан мекенине кайтарылып жаткандардын жарандык маселеси кантип чечилип жатат, аларга карата кандай айыптар коюулуп, тергөө иштери жүрүп жатабы, ачык маалымат бере элек. УКМК ал тургай министрликтердин да маалымат беришин чектеп жатат. Бул бир эсе коомдо алардын стигмага кабылышына жол бербөө максатында жасалууда. Кыргыз бийлиги келгиндери коомго кайра аралаштыруу боюнча атайын программасын жарыялай элек.

Казак кызы Самиранын окуясы

Казак бийлиги Борбор Азия өлкөлөрүнөн биринчилерден болуп мындан төрт жыл мурун “Жусан” операциясын ишке ашырып, Сириядан жарандарын алып келе баштаган. Бүгүнкү күнү Казакстан согуштук аракеттер жүргөн бул согуштук аймактан 700дөн ашык жаранын алып келди, анын 413 балдар, калганы кыз-келиндер.

"Жусан" операциясы тууралуу тасмадан кадр

"Жусан" операциясы тууралуу тасмадан кадр

Самира жаштайынан спортко кызыгат эле. Убагында мелдештерден байге да алып, Сирияга чейинки жашоосунда кадыресе күн кечирчү. Бирок турмуш куруп, эки балалуу болгон соң, динге ооп, күйөөсү менен шариат жолунда жашайбыз деген шылтоо менен Казакстандан чыгып кеткен. Бирок күйөөсү согушта каза таап, жесир аял дагы бир жолу ал жерде турмушка чыгып, дагы эки балалуу болуп, акыры күрддөрдүн качкындар лагерине түшкөн.

“Лагерде күн кечирип жүргөн күндөррдүн биринде Казакстан өз жарандарын алып кетет деген сөздөр чыга баштады. Сириядан кеткиси келбеген аялдар бизди коркутуп, кайтарыбыз менен бизди соттоп, балдарыбыздан ажыратып, аларды балдар үйүнө бердиптир салат экен деген сөздөр таратышты. Сириядагы жашоого караганда ошол жакшы да, тезирээк эле Мекенге кайтсак дедим”, -дейт Самира. Анын эскерүүсүн жакында эле Казакстандагы Конфессия аралык мамилелерди өнүктүрүү жана анализдөө борбору басып чыкты.

Аталган борбордун директору Раздық Гүлназ Би-Би-Синин Кыргыз Кызматына буларды айтып берди:

Раздық Гүлнәз

Раздық Гүлнәз

“Бизде Сириядан кайткан кыз-келиндердин жарандыгын тартып алыш керек деген маселе турган жок. Келген балдарга да ДНК экспертизалардын негизинде соттор казак жарандыгын берип жатышат. Алардын метрикаларындагы дагы туулган жери катары Сирия эмес, Казакстан деп көрсөтүлүп жатат. Бул балдардын кийин стигмага кабылбашы үчүн жасалып жатат. Себеби, мектепте же жумушка аларда бул балдарга карата эмнеге Сирияда төрөлгөнсүң деген суроо жаралмак. Казак өкмөтү бул балдардын келечектеги коомдун стигмасына кабылбасын деп ушундай чечим кабыл алган”.

Бүгүнкү күнү Казакстандан 748 жаран Сирия менен Ирактан алынып келинди.

“Алардын көпчүлүгү балдар, чоң эркек кишилерден болгону 37 жаран алынып келинди. Дагы белгилейт кетчү жери, Казакстанда эки түрдүү репатриация жүрдү, уюшкан жана өз алдынча. Уюшкан репатриация "Жусан" жана "Русафа" операциялары аркылуу жүрдү ”, -дейт Раздық Гүлнәз.

Казакстанда Сириядан келген балдар менен “Укук” фонду жана “Шанс” борбору иш алып барары белгилүү болду.

Өзбекстандык Ранонун баяны

Өзбек бийлиги беш жолу “Мехр” операциясын ишке ашырып,  беш жүздөй жаранын мекенинен кайрыды

Өзбек бийлиги беш жолу “Мехр” операциясын ишке ашырып, беш жүздөй жаранын мекенинен кайрыды

“Менин ата-энем Египетте тигүү цехин ачып, эжем экөөбүздө араб тили жана маалыматтык технология боюнча курстарга барганга мүмкүнчүлүк бар эле. Бирок андан кийин атам Сирияга көчүп кетүү чечимин кабыл алды. Ал жерде биз бир нече жыл жашадык, анан атам каза болуп калды. Ал жактагы жашоо чыдагыс эле, мен аман калганыбызга кубанам...”, -дейт 17 жаштагы Рано. Ал бул тууралуу Юнисефтин Өзбекстандагы өкүлчүлүгүнө айтып берген.

2019-жылы Рано Өзбекстанга апасы жана эжеси менен кайтып келип, мектепке кирип 8-класска отурган. Ар кандай курстарга барып, өзбек, араб тилдерин тереңдетип окуп атып, ал өзү каалааган Ташкенттеги Ислам универиситетнен тапшырган. Рано анын бул ийгилигине “Ташхистин” салымы чоң болду дейт.

“Ташхис” бул Сирия жана Ирактан келген балдар менен иштеше турган Өзбекстандын республикалык борбору. Бул жерде келгин 350дөй бала тарбия алууда.

2019-жылдан бери өзбек бийлиги беш жолу “Мехр” операциясын ишке ашырып, беш жүздөй жаранын мекенинен кайрыды, алардын көбү балдар.

Өзбекстандык серепчи Фарход Мирзабаев

Өзбекстандык серепчи Фарход Мирзабаев

“Алардын көбү жаш-балдар жана кыз-келиндер болуп, алардын реабилитациясы боюнча Өзбекстанда активдүү иш-чаралар жүрөт. Мисалы, Өзбекстанга алынып келингенден кийин алгачкы айларда алар врачтардын кароосунда болуп, медициналык жайларда, санаторияларда кармалышат. Андан кийин алардын үй-бүлөсүнө кайтуусуна уруксат берилип, бирок андан кийин да алар менен иш токтоп калбайт. Мисалы, махалла институту ишке тартылат, алардын үй-бүлө коломтосунун отун жандантыш үчүн эл аралык уюмдардын жардамы менен экономикалык көмөк да берилет”,- дейт өзбекстандык серепчи Фарход Мирзабаев.

Эксперт өзбек бийлиги сабактан калган келгин балдарды окутуу үчүн белгилүү педагогдорду тартканын да айтууда. Эл аралык коомчулук Өзбекстандын Сирия, Ирактагы жарандарын кайтарып келип, алар менен иштешүү моделин ийгиликтүү атап, кубаттап келишет.

Шахидонанын неберелери

Тажикстан дагы Сирия менен Ирактан жарандарын кайтарып жатат

Тажикстан дагы Сирия менен Ирактан жарандарын кайтарып жатат

Тажикстан 2019-жылы Сирия менен Ирактан 89, ал эми 2022-жылы 146 аялдар жана балдарды алып келген. Биринчи топ менен келген балдарды Варзоб өрөнүндөгү “Харангон” эс алуу үйүнө жайгаштырышып, алар кийин туугандарына өткөрүлүп берилмек, бирок азыркыга чейин ал балдар жакындарына кайтарыла элек.

Хатлон облусунун тургуну Шохида Ходжаеванын эки небереси үч жыл мурун Ирактан алынып келинген. Кызы Иракта өмүр бою абакка кесилип, кала берген. Бир небереси онго, экинчиси сегизге чыгып калды. Экөө тең интернатта окушат, уруксаты жок ал жерден чыга алышпайт. Шохида Ходжаева буга чейин небелерелри менен бир канча жолу жолукканын CABAR.asia порталына айтып берген. Бирок таене неберелерин биротоло жанына ала албай келет.

“Алар Тажикстандагы жашоого көнүп калышты. Иракта алар менен эмне болгонун деле эстешпейт. Сурагандары эле качан мамабызды алып келет дешет. Неберелерим менден көп жолу бизди качан үйгө алып кетесиң дешет. Жүрөгүм канайт, бирок эмне деп жооп беришти билбейм, кайсы бир күнү бизди аларды үйгө алып кетүүгө уруксат беришет деп үмүт кылам”,- дейт ал. Айтымында, кызы Иракка кеткени аны бир нече жолу укук коргоо органдарына чакырышкан.

Былтыр Тажикстан Сириядан экинчи жолу жарандарын кайтарды, бирок алар кайда жайгашты, кандай реабилитациялык иш-чаралардан өтүп атат, Кыргызстандагыдай эле ал жакта дагы ашыкча расмий маалымат берилбей жатат. Белгилүүсү, Сириядан келген кыз-келиндер СИЗОдо эмес, өлкөдөгү эс алуу үйлөрүнүн биринде кармалууда. Бул тууралуу буга чейин тажик өкмөтүнүн өкүлү маалымат ачыктаган.

Рустам Азизи - Тажикстандын президентинин алдындагы Ислам таануу борборунун директорунун орун басары.

Рустам Азизи - Тажикстандын президентинин алдындагы Ислам таануу борборунун директорунун орун басары

Рустам Азизи - Тажикстандын президентинин алдындагы Ислам таануу борборунун директорунун орун басары

“Тажикстандын терроризм жана экстремизмге каршы 2015-жылы кабыл алынган биринчи стратегиясында реабилитация жана репатриация маселелерине аз көңүл бурулган. Бирок ал кезде андай сценарий ойго да келбеген кез эле. Бирок 2021-2025-жылга багытталган Жаңы стратегияда бул маселеге жана Улуттук аракеттерге көбүрөөк көңүл бурулат, 12-пунктта үч максат бар. Буга чейин кандай кыйынчылыктар болгон? Жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын маалыматка жеткиликтүүлүгү боюнча маселе бар эле, балдардын, дегеле алынып келинген жарандардын коопсуздугу үчүн деп алар тууралуу маалыматтар өтө эле жашыруун болгон. Ошондой эл ал адамдардын байланышы тууралуу кооптонуулар болгон”,- деди Рустам Азизи Би-Би-Синин Кыргыз Кызматына.

Ал Сирия менен Ирактан алынып келинген жарандар юридикалык реабилитациялык процесстен өткөндөн кийин деле финансылык чектөөлөргө кабылганын айтып берди. Себеби, Тажикстанда Улуттук банк андай адамдарды кара тизмеге алып, аларда эсеп ачуу же карточка алуу боюнча маселелер жаралып келет.

Ошентип Борбор Азия өлкөлөрү Сирия жана Ирактан алынып келинген жарандары менен ар бири ар башка ыкмада иш алып барып, жарандарын кадыресе жашоого кайтарууда, терроризм жана экстремизм тобокелчилигин да эске алып, аяр кыймылдап жатканын байкоого болот.

Ошол эле маалда аймактагы өлкөлөрдүн дагы бир канча жарандары Сирия менен Иракта кала берүүдө. Алардын айрымдары өмүр бою абакка кесилип күн кечирсе, көбү күрддөрдүн качкындар лагеринде өлбөстүн күнүн көрүүдө.

 

Булак: Би-Би-Си Кыргыз кызматы