Печать
Категория: Коом
Просмотров: 224

Уурдалган кыргызстандык жаран Өзбекстан Республикасынан табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 

Маадыматка караганда, кыргызстандык жаранды табуу үчүн КР УКМК менен Өзбекстандын атайын кызматы биргелешип ыкчам-издөө иштерин жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында, кыргызстандыкты уурдап кеткен  У.У.З. жана Б.К.И. аттуу эки өзбекстандык жаран кармалган жана убактылуу жайга киргизилген. Алар кыргызстандыкты Өзбекстандын Наманган облусунда барымтада кармашкан.

2023-жылдын 28-февралында О.С.Т. аттуу кыргызстандык УКМКга кайрылган. Ал О.Т.Т. аттуу агасын белгисиз бирөөлөр Өзбекстандын аймагына алып өтүшүп, барымтага алышканын билдирген.  

"Такталгандай, жогруда кармалган адамдар 2022-жылдын 23-октябрында алдоо жолу менен (Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунун аймагында жайгашкан) «Баймак» өткөрмө пункту аркылуу  О.Т.Т. аттуу жаранды Өзбекстан Республикасына алып өтүп кетишип, ал адамды барымтага беш ай кармап, аны бошотуу үчүн жакын туугандарынан 50 миң доллар талап кылышкан.     

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, 2023-жылдын 7-мартында уурдалган О.Т.Т. Кыргыз Республикасына алынып келинип, жакын туугандарына өткөрүлүп берилди.

Учурда Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө", - деп айтылат УКМК тараткан билдирүүдө.