Аялдардын коомдук турмушка аралашып, активдүү иштей баштаганы эчактан бери эч ким таң калтырбайт, алардын арасында ийгиликтүү карьера жасагандардын катары жылдан жылга өсүп баратат. Биз Аялдардын эл аралык майрамынын урматына, эмгек рыногундагы гендердик акыбалды талдадык. (Талдоо HeadHunter тарабынан жүргүзүлдү).
Аял же эркек? Кимди издешет?
Сурамжылоого катышкан жумуш берүүчүлөрдүн 96 пайызы жок дегенде бир жолу аял же эркек деген так аныктама менен кызматкерлерди издөөгө кабылганын жашырышкан жок.
Гендердик басым жасоону кандай түшүндүрүшөт?
Жумуш берүүчүлөр талапкерлерди жынысына карап тандаганынын башкы себеби – бул көбүнесе (64 пайыз) кызматтык милдеттердин өзгөчөлүгүнөн улам болот. Башкача айтканда, же бул жетекчиликтин жеке ички эрежеси, же бул же тиги тапшырмаларды аял же эркек гана жакшы аткара алат деген гендердик стереотип.
Ошол эле учурда жумуш берүүчүлөрдүн эркек – талапкерлерге басым жасашы - бул эркектер кайсы бир кызматка көбүрөөк ылайык келет деген стереотиптен эле эмес, аялдар качан болбосун декретке кетип калышы мүмкүн деген чоочулоодон улам дагы болоору жашыруун эмес. Аял – жумуш издөөчүлөр ушул түшүнүктөн улам жумуш берүүчү менен баарлашууда жеке жашоого кийлигишкен өтө көп суроолорго кабылышаарын айтып даттанышат. Мисалы, “канча балаңыз бар?”, “жолдошуңуз барбы?”, “дагы балалуу болуу планыңызда барбы?” деген сыяктуу.
Популярдуу адистиктер
Аялдар арасындагы эң популярдуу кесип – бухгалтердик болсо, эркектер арасында – айдоочулук.
Күтүлгөн маяна: кимде канча?
Биз жумуш издөөчүлөрдүн резюмесиндеги “канча айлык акы алууну каалайсыз?” деген суроого берилген жоопторду карап көрүп, аялдар эркектерге караганда азыраак маянага макул болушаарын баамдадык. Аялдардын күткөн маянасы эркектердин күткөнүнө караганда 20 пайыз ылдый. Мындай айырмачылык жогорку айлык акысы бар тармактарга аялдардыкына караганда эркектердин резюмеси көп келип түшкөнүнө байланыштуу. Мисалы, маалыматтык технология, жогорку менеджмент, автоунаа бизнеси, транспорт жана логистика сыяктуу тармактарда.
Рахима Махмудова, маркетинг жана PR боюнча менеджер