9-мартта Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад иши боюнча “жапырт башаламандык уюштурууга” шек саналып жаткандардын айрымдарынын бөгөт чарасын карап камакта калтырды.
Шаардык соттун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, саясатчылар Бектур Асанов, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, активисттер Акылбек Айтбаев, Рита Карасартова, Али Шабдан, Темир Махмудов 20-апрелге чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта калтырылды.
Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча жапырт камалгандардын бөгөт чарасын 15-17-февраль күндөрү карап, көпчүлүгүн абактагы мөөнөтүн 20-апрелге чейин узарткан. Шектүүлөрдүн жактоочулары райондук соттун чечимине каршы шаардык сотко арыз берген. Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши менен камакта жаткандардын бөгөт чарасын кароо 10-мартта уланат.
Ушул тапта Орозайым Нарматова, Перизат Суранова, Нурлан Асанбеков, Талантбек Эшалиев үй камагында.